Turmush — 2024-жылы Талас районундагы Кең-Көл айыл өкмөтүндө бир катар долбоорлор ишке ашырылды.
Былтыр жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында Талас районундагы Кең-Кол айыл аймагына Долоно, Нуржанов жана Көк-Ой айыл аймактары бириктирилип, Манас районунун Кайыңды айыл аймагынын Сары-Булак, Нылды айылдары да кошулган. Кең-Кол айыл аймагынын административдик борбору катары Көк-Ой айылы табылган. Кең-Кол айыл аймагындагы калктын саны учурда 18 миң 946 адамды түзөт. Бул Талас районундагы эң чоң айыл аймак.
Кең-Кол айыл аймагын Тилек Сакеев жетектеп келет. Ал бул кызматка 2024-жылдын март айында дайындалган.

Ак-Жар айылына 4 млн 716 миң 884 смго ФАП курулду. Уюмдардын бири 4 млн 698 миң сомун каржыласа, өздүк салым 18 миң 884 сом болгон.
Ак-Жар айылындагы авариялык абалдагы спорт залды бузууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 миң сом бөлүндү.
Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы орто мектебине кошумча корпус курууга республикалык бюджеттен – 52 млн сом каралган.
Сел коркунучу бар Ак-Жар айылындагы Ноо-Таш каналын оңдоо иштери жүргүзүлдү. Таза суу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер да жүргүзүлүп жатат.
Жон-Арык, Көк-Токой айылдарына таза суу киргизүү иштери башталды. Ага уюмдардын биринин долбоору аркылуу 152 млн 371 миң 198 сом каралды.
Таш-Арык, Орто-Арык жана Ак-Жар айылдарында таза суу тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ага уюмдардын биринен 221 млн 640 миң 115 сом бөлүнгөн.
156 млн 879 миң 383 сомгоКөк-Ой айылына таза суу киргизүү боюнча казуу, түтүктөрдү коюу иштери жүргүзүлүп жатат.
Стимгранттын эсебинен Жон-Арык айылындагы маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Стимгранттын жалпы суммасы 2 млн 816 миң 272 сомду түзөт. Жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы 449 миң 915 сом.
Таш-Төбө айылындагы күрөш залын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана спорт инвентарларын алууга жергиликтүү бюджеттен 4 млн 636 миң 643 сом каралды.
Кайрымдуулук фонддордун биринин каржылоосу менен 3 млн 500 миң сомго Таш-Арык айылындагы мечит курулду. Аталган сумманын 300 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.