Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — түрк элине келин болгон 34 жаштагы Бактыгүл Сүйүнбаева. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде чет өлкөдөгү жашоосу жана жумушу тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ай-Көл айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси, жалгыз кыз. Ата-энеси учурда Лейлекте жашайт.
«Чет өлкөгө биринчи жолу Москвага (Россия) бардым. Эл катары мигрант болуп иштедим. Андан кийнки сапарым Түркия болду. Көптөгөн шаарларын кыдырдым. Иштеген компанияларым жумуш менен Өзбекстанга жөнөтүп, Ташкент шаарын көрүп келдим. Келечекте Европаны кыдыруу максатым бар», - деди ал.
Бактыгүл айым учурда Стамбул шаарындагы логистикалык компаниянын бажы бөлүмүндө иштеп жатат.
«Жолдошум экөөбүздүн турмуш курганыбызга 10 жыл болду. Экөөбүз Стамбулда бир мекемени сурап жатып таанышып калганбыз. Ал мага мекеменин сүрөтүн, дарегин телефонума жиберүү үчүн номурумду алган эле. Ошентип аз өтпөй мен Кыргызстанга кеттим. Арадан алты ай өткөндөн кийин ал мага жазып, сүйлөшүп калдык. Тагдырдын буйругу менен 2015-жылы Түркиянын Стамбул шаарына келин болдум.
Жолдошум Онур Стамбулда туулуп-өскөн. Кичи мекени – Кастамону шаары. Жолдошум экөөбүз Кыргызстанда баш кошконбуз. Мехмет-Эрсин аттуу бир уулубуз бар, ал учурда 2-класста окуп жатат. Экөөбүз тең иштейбиз, балабызды күндүз кайненем карайт. Кечинде кадимки эле үй-бүлөлөрдөй үй тиричилиги, тамак даярдоо менен убарабыз. Албетте, бири-бирибизге жардам беребиз, мен балам менен сабак аткарсам, жолдошум тамак жасап, кол-кабыш кылып турат», - деди ал.
Мекендеш жаңы келин болгондо кабылган окуясы менен бөлүштү.
«Түрктөрдө «кахвехане» деген жалаң эле эркектердин отуруп оюн ойноп, кофе чай ичкен жери бар. Сериалдардан деле көрүп калсаңыздар керек. Аталган жайга кирип, чай алып, кечке отурганым эсимде. Ары-бери карап коем, аялдар жок го деп. Ал мезгилде сериал деле көрчү эмесмин, жалаң эркектер чай иче турчу жер экенин кайдан билейин. Ушул окуя такыр эсимен кетпейт», - деди ал.
Бактыгүл Сүйүнбаева Стамбул шаарындагы өзгөчөлүктөр тууралуу айтып өттү.
«Стамбул шаарынын бизден айырмасы бир нече жаатта байкалат. Биринчиден, шаарлардагы инфраструктура жана транспорттук системасы жакшы өнүккөн. Архитектура, эстеликтер жана тарыхый жерлерге бай, Осмон империясынан калган көптөгөн тарыхый имараттар көөнөрбөс мурас болуп калган. Түркияда каада-салттар жана маданият күнүмдүк турмушта көп байкалат. Мисалы, көчөдө адам көп болуп, дүкөндөрдүн 7/24 ачык болуп турганы да бар. Мындан тышкары түрктөрдүн күндө кечинде сөзсүз чай, кофе ичүү маданияты бар. Бирок туулган жердин топурагы алтын да, ошондуктан Кыргызстандын мен үчүн орду башка.
Баарыбыз билгендей эле, Түркиянын мамлекеттик саясаты демократиялык, республикалык формада болуп, президенттик башкаруу системасы бар. Коомдук көз караш либералдык жана жаңычылдыкка багытталган. Ошондой эле ар түрдүү этникалык жана диний топтордун ортосунда толеранттуулук бар. Түркияда ислам дини үстөмдүк кылат, ошондуктан Рамазан айы бүт майрамдардан өзгөчө майрамдалат. Ар шаарынын өзүнө жараша каада-салттары бар, бирок ысырапкорчулук жокко эсе. Түркиянын маданияты эзелтеден бери Азия жана Европа цивилизацияларынын таасири астында болгон. Түркиянын тарыхы бай, империялар доорунан (Осмон империясы) баштап, азыркы учурдагы модернизацияланган мамлекетке чейин өнүгүп келет», - деди ал.
Мекендешибиздин айтымында, карьерасын нөлдөн баштап курган. Алгач катчы болуп иштеп, кийинчерээк директорлук кызматка чейин көтөрүлгөн.
«Башында көп кыйынчылыктарга туш болдум. Бирок убакыт өтүп, тажрыйба топтогон сайын ишимди жакшыраак аткарып, үйрөнүп кеттим. Бул жол мени көп сабактарга үйрөттү жана азыркы учурда «мыкты адис» деген статука ээ болгонумду сыймыктануу менен айта алам. Албетте, бул ийгиликтер биринчиден жолдошумдун, кайненемдин жана менин ата-энем, бир туугандарымдын колдоосу менен келди десем болот.
Бош убактымда көбүнчө үй-бүлөбүз менен өткөрөбүз. Андан сырткары блог алып барам. Стамбул шаарынын кооз жерлерин, жумуш боюнча пайдалуу видеолорду тартып, мекендештерим менен бөлүшүп турам. Ошондой эле кыргыз-түрк маданияттарын камтыган контенттерди тартуу менен алектенем. Келечекте жеке ишкер болуп, өзүмдүн компаниямды түптөөнү максат кылам», - деди ал.