Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургуну Максат Догдурбек уулу асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Максат Догдурбек уулу 1993-жылы туулган.
«Учурда ушул эле туулуп өскөн айылда жашайм. Билимим орто. Кой багып мал чарбачылыгы менен алектенебиз. Мал багууга кичинемен бери кызыгам. Ата-энем ошол мезгилде чакан мал чарбачылык менен алек болушчу. Ошол мал менен чоңоюп малга жакын болуп калдым. Арашан койлорун баккандар арашан багууга түрткү берди десем болот. Алардын короолоруна барып көрүп, үйрөнүп анан идея ошол жактан пайда болду. Алардын таап жаткан пайдаларын көрүп кызыгып кеттим. Бул породаны арашанчы агалардан алганбыз.
Кам көрүү жагынан биздин жергиликтүү койлорго караганда 2-3 эсе жакшы кам көрүүнү талап кылат. Жемине, суусуна, чөбүнө жакшы маани берип караш керек. Сатканда класстарына жараша сатылып, 50 миңден 5 миң долларга чейин баалап сатабыз. Жакшы короолордон 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин саткандарга да күбө болуп жүрөбүз. Башка мал жандык жок, ушул арашан койлору пайдалуу болуп жаткан үчүн багып жатабыз. Бул кой азыр Кыргызстан боюнча кирешелүү тармак болуп жатат. Себеби булардын козулары туулгандан баштап эле соодаланып баштайт. Жакшы козулары 2 миң доллардан 5 миң долларга чейин бааланып баштайт. Келечекте максатыбыз чарбабызды кеңейтүү, элге дагы ушул тукумдун жайылышына себебчи болуу.
Мал багуудан сырткары үйдө келинчегим экөөбүз кийим тигип иштейбиз. Эки баланын ата-энесибиз», - деди Максат мырза.