Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 20-апрелинде саат 17:28де Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө Кара-Балта шаарындагы 8-март көчөсүнөн зомбулуктун белгилери бар эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факт катталып, сотко чейинки текшерүү башталды. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, болжол менен саат 17:00дө Х.З. аттуу жаран 8-март көчөсүндө ат менен бара жатып, Ю.А. аттуу жаран менен оозеки жаңжалдаша кеткен. Ал өзүнүн жээни Ю.Р. менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа менен Х.З.ни кууп жетип, аны сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жаңжалдашкандардын ортосунда мушташ чыгып, Х.З. Ю.А. жана Ю.Р.га бычак менен жаракат келтирген. Ал эми Ю.А. Х.З.нын башына таш менен урган.
Анын кесепетинен 1972-жылы туулган Х.З. алган жаракаттарынан улам эсине келбей, окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
1970-жылы туулган Ю. А. жана 1990-жылы туулган Ю.Р. кармалган. Аларга алган дене жаракаттарына байланыштуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Кылмыш иши боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, иш боюнча тергөө уланууда.