Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Видео — Талас мен үчүн бейиштин төрү, - О.Султанова Памирден келгенден кийинки жашоосу тууралуу

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылына Кичи Памирден көчүп келгенин айткан 52 жаштагы Орозгүл Султанова буга чейин интернетте өзү жөнүндө жарыяланган маалымат түшүнбөстүктөрдөн улам туура эмес мааниде тарап кеткенин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Turmush басылмасына жактоочусу Гуля Соорбекова менен чогуу келип маалымдады.

Анын айтымында, Таласка Памирден келгенде 1 жыл гана кыйынчылыктарга туш болгон. Азыркы учурда жашоосу жакшы. Өкмөт жана коомчулук тарабынан колдоолорду алып келет.

«Менин мурдагы чыккан маалыматым эл-журтка туура эмес таратылып кеткен. Алардын баары туура эмес. Аллаха шүгүр, мен Талас элине келип, эрке кыз болуп, өнүп-өсүп, балдарым чоңоюп, эң жакшы жашоодо жашап жатам. Биринчи келгенде 1 жылдай кыйналганымды, ошондогу кыйынчылыктарды чыгардым. Азыр эң жакшы жашоодомун. Элден садага болоюн, мен ошон үчүн өзүм Бишкекке адвокатым менен келип, ачык айтып отурам. Таласка келген адам эч кандай жаман болбойт. Таласка келип өсүп-өнүп жатат керек болсо. Садагасы кетейин, Таласка келген адам көтөрүлөт. Мен үчүн Талас жөн гана Талас эмес, бейиштин төрү», - деди ал.

Ал эми, жактоочу Гуля Соорбекованын айтымында, Орозгүл Султанова ага атайын кайрылган.

«Султанованын сөзүн, элге кайрылуусун өз оозунан уктуңуздар. Таласка келип өсүп-өнүп жашап жаткандыгын, болгон нерсесинин баарын айтып берип жатат. Элге кайрылууга мүмкүнчүлүк берген үчүн АКИpress агенттигинин кызматкерлерине рахмат», - деди жактоочу.

Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Мүзүрбек Борбашев, Орозгүл Султановага айыл өкмөт тарабынан жер берилип, үй курууга көмөк көрсөтүлгөнүн, балдарына да жөлөк пул бериле тургандыгын билдирген болчу.

«Биздин Кум-Арык айылынын тургуну Орозгүл Султанова Таласка таякеси аркылуу Тажикстандын Мургаб деген жеринен 2002-жылы 4 баласы менен келген. Этникалык деп катталып келген эмес. Таякеси алып келген экен. Ошону менен бизде жашап калган. Бизге билингенден баштап каттоого алып, тынымсыз жардам бериле баштаган. 2007-жылдан бери 4 баласына жөлөк пул алып келген. Учурда неберелери да жөлөк пул алат. 2008-жылы айыл өкмөт тарабынан 14 сотых жер тилке, 2 бөлмөлүү үй курууга эшик-терезе берилип, жардам көрсөтүлгөн. Ага чейин айылда бош үйлөрдүн ээлери менен сүйлөшүп, утурумдук жашоосуна жардам берилип келген. Үй курулган соң райондон жууркан-төшөк, кийим-кече берилген. Жылына 2 гектар жер айыл өкмөттөн ижарага берилет. Ал жерге төө буурчак эгишет. Бүгүнкү күндө бул эже үй-бүлөсү менен Кыргызстандын жараны. Паспорт, милдеттүү медициналык камсыздандыруу күбөлүгү берилген. 2 баласы мектепте окуйт», - деген айыл өкмөт башчысы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3394
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×