Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Ырыскулов 1 даанасы 50 сомдон сатылган жумуртка тууган тоокторду багат (фото)

Turmush -  Талас районунун Манас айылынын 52 жаштагы тургуну Алмазбек Ырыскулов бир топ жылдан бери брама породасындагы тоокторду багат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аларды Казакстандан алып келген.

«Бара-бара көбөйтүп алдым. Азыркы учурда булардын бирөөсүн 2 миң сомдон сатам. Булар 1 жылда 3 жолудан жумуртка басып жөжө чыгарышат. Бир күндө 3 маал жем чачам. Жемдин 1 кг 13-14 сомдон сатып келем. 1 кап жем 1 айга кенен жетет. Жумурткаларын айыл ичине 50 сомдон сатам. Жумурткалары башка тооктордукунан айырмаланып бир аз чоңураак болот. Мурдараак 100гө жакын тоок болчу. Сатып отуруп 10ду калтырып койгом. Күнүнө 10дон жумуртка тууйт. Бир тоок 5 кг жакын эт берет. Брама тоокторго кызыккандар көп. 2 миңден кем сатпайм. Болгону бала короздорду 1 миң сомдон сатам. Тооктордун бул түрүнөн тышкары дакан, карлик тоокторду дагы багам. Өзүм малга кызыккандыктан кочкорлорду, жылкыларды багам», - деди ал.

Фермер жубайы экөө 4 баланын ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1992
Көп окулду
×