Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 24.01.2018 11:30

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Назгүл көйгөйлөргө карабай ырчылык өнөрүн такшалтып, билим алууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылынын 24 жаштагы тургуну Чынарбек кызы Назгүл ырчылык өнөрүн такшалтууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин музыка бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.

«Мен көзү азиз жана начар көргөн балдар мектеп-интернатын аяктадым. Өзүм кичинекей кезимден бери эле ырчылыкка жакын болуп чоңойдум. Окуучулук кезимде көп сынактарга катышкам. Атам гитара менен ырдайт. Ырчылык атамдан келген деп ойлойм. Өзүм комузга абдан кызыгам. Залкар комузчу Нурак Абдырахмановдон 1 жыл комуздан сабак алдым. Комуздан тышкары фортепиано боюнча сабак алып келем.

Ырчылык мектеп кезимде хоббим болсо, азыр кесибим дагы. Көбүнчө элдик чыгармаларды аткарам. Жан дүйнөмө лирикалуу ырлар жагат. Бош учурларымда ыр жазуу менен алектенем. Өзүмө таандык 2 ырым бар. 10-классымда «Сүйүү азабы» деген ырды жазып чыктым жана №39 гимназияга гимн жазып бергем. Жазкан ырларыма акы албайм, белек катары тартуулайм. Буйруса музыкадан сабак берген мугалим болом», - деди ал.

Ырчы бийкеч үй-бүлөдө 7 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×