Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Айыл турмушу: Таластык Р.Кошоманова мугалимдердин сынагынан 3-орунду ээлеген (фото)

Turmush -  Талас районунун Беш-Таш айылынын 40 жаштагы тургуну Рахат Кошоманова 16 жылдан бери мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, А.Огомбаев айылынын кызы. 1999-жылы жолдошу Мирлан Мырзаевге турмушка чыгып, Беш-Ташка келин болуп келген. 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинен математика-информатика адистигине ээ болуп чыккан.

«2002-жылдан бери айылдагы мектепте эмгектенип жатам. 2017-жылы 7 облустун мугалимдеринин арасында сабак өтүү чеберчилиги боюнча сынакта 3-орунду ээледим. Сынакка 7 облустан 90 мугалим катыштык. Баарыбыз тарбия берүү боюнча доклад жазып, калыстардын алдында жактадык. 90 мугалим менен таанышып, бири-бирибиздин ыкмаларыбызды айтып берип, жакшы достордон болуп калдык. Азыркы учурда ошондо үйрөнүп келген ыкмаларды колдонуп сабак өтөм», - деди ал.

Мугалим айым 4 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1728
Көп окулду
×