Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 24.01.2018 17:06 На русском

Таластын Көк-Ой айылындагы мечит оңдолду

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылындагы мечит оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, 230 адамга ылайыкталган мечит 100 жыл мурда Момункул аттуу молдо тарабынан салынган. Бул жолку оңдоо иштери айылдык ишкерлер тарабынан каржыланды. Демөөчүлөр айыл өкмөттүн атайын сыйлыктары менен да сыйланышты.

Момункул аксакал ресрессияланып кеткенден кийин анын ишин тууганы Мамыр молдо улантканы айтылып келет. Ал коммунисттик системадан жашыруун түрдө мусулмандык кызматтарды көрсөтчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×