Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 25.01.2018 17:01

Жаш талант: Таластык балбан Ф.Алиев күрөш боюнча 15 медалдын ээси (фото)

Turmush -  Талас районунун Долоно айылынын 18 жаштагы тургуну Фархад Алиев грек-рим күрөшү боюнча 5 жыл ичинде 15 медаль, 20 диплом, 1 кубок утту. Аймактык кабарчы балбан жигит менен кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортко атасы алып келген.

«Күрөш менен 6-классымдан бери машыгып келем. Атамдын колдоосу менен грек-рим күрөшү боюнча машыга баштадым. Машыгуу учурунда машыктыруучума жакшы көрсөткүч көрсөтүп, мелдештерге чыгууга жолдомо ала баштадым. Эң алгач мектеп арасынан, кийин районго, облуска чыгып, алдыңкы орундарга ээ боло баштадым. 2016-жылы Өзбекстандагы мелдештен 3-орунду, 2017-жылы Рысбек Айдаралиевдин турниринде 2-орунду, Кыргызстандын чемпионатында 3-орунду багындырып келдим. Күрөшүүнү кээ бир адамдар жеңил ойлойт, бирок күрөшө келсең кыйынчылык жаратат. Кыргызымдын желегин желбиретем деп келгенден кийин спортту таштап койгонго болбойт. Бирде жеңилсең, бирде ийгилик жылмаят. Кээ бир учурларда кулак, мурун сынып, жаракат алган учурлар болот. Айыл ичиндеги залга барып күнүнө кечкисин 2 саат машыгам. Мен канчалык аракет кылган сайын ийгилик ошончолук багынат. Ар бир жеңишим менен атам сыймыктанып келет», - деди ал.

Алиев Фархад үй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×