Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 26.01.2018 10:05

Айыл турмушу: Таластагы Алымкул ата алдыңкы эмгеги үчүн СССР учурунда унаа алган (фото)

Turmush -  Талас районунун 90 жаштагы тургуну Сулайманов Алымкул ата көп жылдар бою «Ленин» колхозунда иштеп, 2 жолу «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы жана «Октябрь революциясы» ордени менен сыйланган. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Алымкул ата 1950-1953-жылдарда аскерде кызмат өтөгөн. Аскерден келгенден кийин колхоздун жооптуу иштерин аркалаган. 55 жашына чейин колхоздо сугатчы, кийин кампачы болуп эмгектенди. Алдыңкы эмгеги менен 1973-жылы унаа дагы алган.

Алымкул ата байбичеси экөө 4 уул, 6 кызды тарбиялап өстүргөн. Азыркы учурда 44 неберелүү, 72 чөбөрөлүү болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×