Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Таластык окуучу З.Өкүмбеков атайын долбоордун жардамы менен зоопарк ачты (фото)

Turmush -  Талас районунун Манас айылынын 17 жаштагы тургуну Залкар Өкүмбеков 2017-жылы «Экзотика» деп аталган зоопарк ачкан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 8 жылдан бери зоопарк ачууну ойлонуп келген. Учурда Чат-Базар айылындагы А.Оторбаев орто мектебинин 11-классында окуп жатат.

«Менден улуу эжемдин биология боюнча китептерин алып, жаныбарлардын сүрөттөрүн кызыгып көрчүмүн. Хамелеондорду, тоту куштардын сүрөтүн көрүп, аларды өзүм кармап көрсөм деген ойлор болчу. 4-классымда өзүбүздүн айлана-чөйрөдөгү жаныбарлардан үйгө кармап багууну чечтим. Жаныбарларды кармап келип, 4 жыл короого багып жүрдүм. Ата-энем каршы болуп, аларды үйгө киргиздирбей коюшкан. 5 жыл дегенде ата-энем «сенин кызыгууң токтобойт экен» деп өзүбүз жашап жаткан чакан үйдү бошотуп беришкен. Бул мен үчүн жашоодогу эң кубанычтуу күн болгон. Анын ичин кооз кылып жасап, жаныбарлардын баарын ошол жакка киргизип, акырындан көбөйтө баштадым. ъ

Кызыгуум ого бетер күчөп, тоту куштарды, хамелеондорлу алып келүүнү пландай баштадым. Каражат маселесине такалып, үйдөгүлөрдөн сурасам алар болсо да жок дешип, айла жок каражатты өзүм табууга туура келди.

Өзүм музыкантмын, аккордеондо ырдайм. Той-топурларда ырдап жүрүп, акырындап каражат чогултуп баштадым. Ал акчага бир аз да болсо жаныбарларга тамак-аш, тоту куштарды ала баштадым.

2016-жылы Таласта жаратылышты коргоо боюнча «Германия кызматташтык коому» деген долбоор сунушталды. Мен зоопарк боюнча долбоорумду сунуштап, алар колдоого алып, 2017-жылы Талас облусунда биринчи ирет «Экзотика» деп аталган зоопарк ачылды. Учурда жаныбарлардын 60ка жакын түрү бар. Бул жаныбарларды долбоордон бөлүнгөн каражатка чет жактардан алдыргам. Алардын арасында африкалык эублефара кескелдириги, Йемен шаарынан алынып келинген хамелеон, сууда сүзүүчү таш бакалар, африкалык литория бакасы, Сауд Арабиядан алынып келген чаяндар, дүйнө жүзүндөгү эң кооз деп эсептелген падышалык жылан бар.

Учурда Талас облусундагы токойдун ичинен 3,5 гектар жер алып, ал жерди комплекстүү зоопарк кылганы жатабыз. 2019-жылы күз айларында жаныбарларды алып келебиз деген ойдобуз. Кыргызстан боюнча комплекстүү зоопарк Ысык-Көл облусунда эле бар. Талас облусунда экинчиси ачылганы жатат. Ал жерде жаныбарларды кароо дагы оңой эмес. Алардын ар бирин ар кандай кылып кароо керек. Тамак-ашты туура, убагында берип, өз алдынча мамиле кылуу зарыл. Аны дагы билген адам карабаса башка адам жакшы карай албайт.

Мектепти бүткөндө Талас мамлекеттик университетинин биология факультетинде билим алып, жаныбарларымды карасам деген ойлорум бар», - деди ал.

Залкар Өкүмбеков үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1723
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×