Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Жубайлар: Доулбек ата Мыскал апаны көп кыздардын арасынан жактырган (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылында жашаган жубайлар — 68 жаштагы Үмөтов Доулбек ата менен 65 жаштагы Жаманкулова Мыскал апа тоодон гүл терип жүрүп таанышып калышкан. Аймактык кабарчы алардан алды.

Мыскал апа: Мен Талас районунун Талды-Булак айылынын кызымын. Көк-Кашат айылына 1970-жылы 7-июлда келин болуп келгем. Жолдошум экөөбүз тоодо гүл терип жүрүп таанышканбыз. Мурун майрамдын алдында мектепте окуп жүргөндө, кыздар менен сабактан кийин гүл тергени барчубуз. Жолдошум мени көп кыздын арасынан көрүп, жактырып калганын айтып күлө берет. Экөөбүз 4-5 айдай жолугуп, сүйлөшүп жүрдүк. Ошентип 18 жашымда келин болдум. Кайын ата, кайын апам менен жашадык. Алма бак өскөн чарбада жашачубуз. Бир күнү эч ким жокто бутакка чыгып алма терип жаткам. Бутак сынып кетип, көйнөгүм менен бутакка илинип калдым. Жардамга чакырсам кайындарым баары келип, абдан күлүшкөн.

Кайын атам дайыма намазга эрте турчу эле. Мен күнүнө атамдан эрте турсам деп тиленип жатар элем. Эрте туруп, астынан чыгып жүгүнүп, ысык суусун даярдап бата алчумун. Жаңы барганда кайын атама көп жүгүнө бериптирмин. Көрсө бир күндө бир жолу гана жүгүнөт экен.

Башынан эле кол өнөрчүлүктү алып жүрөм. 6 канат боз үйлөрүм 5 миң доллардан сатылып кетет. 1 айлап кыз-келиндерим менен даярдайбыз. Такыр эле жетишпей бара жатканда жолдошум жардамга келет. Өзү оор басырыктуу, сабырдуу адам. Экөөбүз бири-бирибизди сыйлашып, бактылуу жашап келе жатабыз.

Доулбек ата: Жубайым биринчи эле көп кыздардын арасынан өзгөчө көрүнгөн. Сүйлөшүп, көңүлүмдү айтып жүрдүм. Үйдөгүлөр үйлөн дегенде ойлонбой эле Мыскалымды алып келип алгам (күлүп). Жубайымдын колунан баары келет. Жашынан эле тиричиликке тың болуп, үй-бүлөбүзгө кожейке болду. Учурда 4 кыз, 3 уул, 27 неберенин ата-энеси болдук.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1583
Көп окулду
×