Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Талас

Таласта өспүрүмдөр арасында суицидден сактануу маселеси түшүндүрүлүүдө

Turmush -  Таласта өспүрүмдөр арасында суициддерди алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусу коомдун чоң көйгөйү. Облуста 2016-жылы 5 өспүрүм өз өмүрүнө кол салса, 2017-жылы дагы 5 өспүрүм өмүрлөрүн кыйган.

«Бардыгы өткөөл курактагы өспүрүмдөр. Бардыгынын ата-энелери чет мамлекеттерде жүргөнү аныкталган. Жаш балдарды өз өмүрүнө кол салуудан сактоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 512
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×