Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Талас

Жаш талант: Таластык С.Кубатбекова ыр жазып, ар кандай сынактарга катышып келет (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылындагы 9-класстын окуучусу Кубатбекова Сезим ыр жазып, ар кандай сынактарга катышып келет. Аймактык кабарчы акын кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгачкы жолу 14 жашында «Уялам» деп атаган ырын жазган.

«Биздин үй-бүлөдө ыр жазып, акын болгондор деле жок. Өзүм кичинемден эле ыр жазганга кызыкчумун. Бир күнү эжекелер «ыр жазгыла» деп калды. Ошондо 17 саптан турган «Уялам» деген ыр жазгам. Ал ырымды окуган мугалимдер сынактарга катышуума чоң салымдарын кошушкан. Ошол убактан бери ыр жазып келем. Бир нече поэзия кечелерине катышып, өзүм жазган ырларымды окуп, алдыңкы орундарга ээ болуп келем. Ыр жазганда мага илхом келет. Илхом көбүнчө кечке маал пайда болот. Ошол убактан пайдаланып жаза салам. Азыркы учурда 20дан ашуун ырларым бар. Жазган ырларымды китеп кылып чыгарсам, келечекте чоң акындардын катарына кошулсам деген кыялым бар», - деди ал.

Акын кыз үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×