Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жаш талант: 13 жаштагы К.Узакбаев шахмат боюнча ийгиликтерге жетишүүдө (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 13 жаштагы тургуну Куттубек Узакбаев шахмат боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, шахматты 4 жашынан баштап ойноп келет. Учурда Ш.Шеркулов атындагы мектепте 7-класста окуйт.

«Шахматка атам кызыктырып үйрөткөн. Атам экөөбүз жарышып ойночубуз. Кийин шахматчы Кыдыралиев Замир агайга барып машыктым. Алгачкы ийгиликтерди 9 жашымда багындыра баштадым. Талас шаарынын 71 жылдыгына арналган турнирде 1-орунду камсыздагам. Аны менен катар Талас райондук өспүрүмдөр спорт мектеби уюштурган турнирде 1-даражадагы диплом жана медаль менен сыйландым. Андан тышкары жаш өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча 3-даражадагы дилпом алдым. Осмонаалы уулу Кушайдын жаркын элесине арналган шахмат боюнча турнирде 1-орунду ээледим. Бул ийгиликтерди жаратышыма менин ата-энем жана агайым Кыдыралиев Замир түрткү болду. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Шахматтан тышкары күрөшкө барып, ийгилик жаратууга аракетим күч», - деди ал.

Жаш шахматчы үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2759
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×