Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жубайлар: Арген мырза жубайын дүкөндөн көрүп жактырып калган (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын 22 жаштагы тургуну Арген Алкожоев 21 жаштагы жубайы Мирлан кызы Алинаны бир көрүп жактырып калган. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Арген мырза: Жумуштан келе жатканда дүкөнгө кирип, жубайым Алинаны бир көрүп жактырып калдым. Ошол күндөн баштап таанышканга аракет кыла баштадым. Акыры жакшы мамиледе болуп калдык. 1 жыл 9 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2013-жылдын 3-декабрында эл катары сөйкө салып, үлпөт көйнөк кийгизип, кол менен алып келдим. Ар бир кыз ушул нерсени каалайт болуш керек, той бердик. Тоюбуз эң жакшы өттү.

Алина айым: Жаңы келин болуп келгенде кызыктуу окуялар көп болду. Мисалы жаңы үй-бүлөгө көнө албай тартынып, тамакты сүрдөп жатып бышырган учурлар болгон. Кээде түшкө чейин уктап калчумун (күлүп). Жолдошум Арген үйдө жок болсо аралашып отура албай, эле кыйнала берчүмүн. Аргенди эч жакка кетиргим келчү эмес.

Азыркы учурда 2 кыздын бактылуу ата-энесибиз. Үйдүн кожойкеси жана бактылуу жубай катары кыздарымды тарбиялоо менен алекмин. Ал эми атабыз ишкер.

Жубайлардын улуу кызы Айназик 2,5жашта болсо, экинчи кызы Феруза 10 айлык.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1663
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×