Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: 20 жаштагы балбан Бурхан кызы Каным эми машыктыруучу болууга аракеттенип жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Балбал айылынын 20 жаштагы тургуну Бурхан кызы Каным күрөш боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы балбан кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дене тарбия факультетинде 3-курста окуп жатат.

«Мелдештерде 44-50 кг арасында чыгып жүрөм. Күрөшкө өзүм кызыгып калып машыгып калгам. Азыр окуудан соң машыгып жатам. Үй-бүлөм мага колдоо көрсөтүп жатышат. Ата-энем «спорт жаман жолго алып барбайт» деп айтышат. Күрөш боюнча кыздар арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгом. 2013-жылдан 2015-жылга чейин эркин күрөш боюнча Азия оюндарына катышып, 3-орунду ээледим. 2015-жылдан 2016-жылга чейин самбо менен машыгып Азия оюндарына чыктым. Бул оюндарда да 3-орундарды ээлегем. 2016-жылдан баштап таяк тартыш менен машыктым жана калыс болдум. Алдыда мыкты адис болуп, кыздардын мыкты машыктыруучусу болууну көздөп жатам», - деди ал.

Балбан кыз үй-бүлөдө 7 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1799
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×