Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Талас

Айыл турмушу: Таластык Н.Нусубалиев 30 жылдан бери жүздөгөн адамдарга айдоочулукту үйрөттү (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын 50 жаштагы тургуну Нышан Нусубалиев 30 жылдан бери айдоочуларды даярдаган мугалим болуп иштейт. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1986-жылы аскерден келип, автожол институтун бүтүргөн. Окуу жайда окутуу мөөнөтү категорияларга жараша болот. В категорияда билим алуунун мөөнөтү 2,5 ай (3500 сом), ВС категорияда билим алуунун мөөнөтү 3,5 ай (4500 сом), D категорияда билим алуунун мөөнөтү 1,5 ай (3500 сом), E категорияда билим алуунун мөөнөтү 1,5 ай (2500 сом).

«1988-жылдан тарта СТКУда айдоочулукка үйрөтүүчү мугалим болуп эмгектенип келе жатам. Иштегениме 30 жыл болду. Кызматымда көптөгөн ийгиликтерди жараттым. 1999-жылы «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болдум. 2014-2016-жылдары автомектептен медаль алгам.

Биз келишимдик негизде айдоочуларды үйрөтүп, адистерди даярдайбыз. Унаанын тетиктерин оңдогонду, жол эрежесин практика жүзүндө үйрөтөбүз. Бизде кызматтык 3 унаа, жүк ташуучу унаалар жана автобус бар.

Жумуш учурунда ар кандай кызыктуу окуялар болот. Бир ирет окуучуларымдын бири 1-күнү алдыга айдаганды үйрөнө албай жатып, менен «агай качан артка айдайбыз?» деп күлдүргөн. Дагы бир окуучум унааны айдап бара жатканда алдынан «КамАЗ» чыкса рульду бошотуп жиберип, «агай мен эмне кылам?» дегени эсимде.

Кээ бирлер коркок келип, айдоочулукту үйрөнүшү кыйын болот. Ар бирине түшүндүрүп, үйрөтүүгө аракет кылабыз», - деди ал.

Айдоочулардын мугалими 1 уул, 1 кыз жана 2 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 744
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 10 адам окуп жатат)
×