Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Жубайлар: Таластык Г.Ибраимова айылындагы эң жаш «Баатыр эне» (фото)

Turmush -  Талас районунун Балбал айылынын 38 жаштагы тургуну Гүлзина Ибраимова айылдагы эң жаш «Баатыр эне». Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Эрлан Шыгаев экөө азыр сегизинчи наристесин күтүп жатышат.

«Талас районунун Ак-Жар айылында өсүп, кийин Балбал айылына келин болуп келгем. Жолдошум экөөбүз дыйканчылык менен алектенип, балдарыбызга жакшы тарбия берип, алар билимдүү, акылдуу болуп тарбияланышы үчүн көп аракет кылып жатабыз. Бош убактымдын баарын балдарыма бөлгөнгө аракет кылам. Эң улуу кызым 11-классты бүтүп жатат. Эң кичүү кызым 2 жашта. Жолдошум экөөбүз сегизинчи наристебизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

2016-жылы июнь айында «Баатыр эне» наамын алгам. Айына 5600 сом жөлөк пул тийип турат. Кичинемден эле көп балалуу болгонду кыялданчумун. Өзүмдүн чоң энем да 15 баланы тарбиялап өстүргөн», - деди ал.

Жолдошу Эрлан Шыгаевдин айтымында, 1 уул, 6 кызды өстүрүп жатышат.

«Жубайымды биринчи көргөндө эле жактыргам. Аз гана убакыт сүйлөшүп, турмуш куруу жөнүндө сунуш киргизгем. Жубайым жөнөкөй, абдан камкор. Үй-бүлөбүз менен дыйканчылык кылып тапканыбызга оокат кылабыз. Канча бала болсо ар биринин ырыскы, насиби болот. Мен бактылуу атамын деп эсептейм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2023
×