Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Бала тили — бал: Туулган күнүм алма бышканда болот, - 5 жаштагы Эмирхан (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой-жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Талас районунун Козучак айылында ата-энеси менен жашаган Эмирхан Алымбеков.

- Эмирхан, канча жаштасың?

- Беште.

- Туулган күнүң качан?

- Жайында, алма бышканда.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Милиция болом.

- Милиция эмне кылат?

- Машиналарды тосот, бирөөлөр катуу айдаса түрмөгө камап коет.

- Аяз ата деген ким?

- Аяз ата деген дед майоз.

- Акча деген эмне?

- Акчаны кашелектен алып чыгат анан эт, банан, нан алып конокторду тосот.

- Кайсы мультфильм жагат?

- «Тачки», «Айлана жер шаары» («Керемет көч»), «Маша и медведь», «Айдан» дегенди жакшы көрөм.

- Кайсы мезгил жагат?

- Кыш анан жай.

- Кыштын эмнеси жагат?

- Кар ойнойм, а жайында шортик кием да.

- Сага кандай кыздар жагат?

- Сулуулар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1458
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×