Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 01.02.2018 15:04

Айыл турмушу: Таластагы жалгыз муз аянтында күнүнө 100гө чукул адам эс алат (фото)

Turmush -  Талас районундагы Көк-Ой айылынын 52 жаштагы тургуну Советкан Жекшеналиев 6 жылдан бери кыш мезгилинде муз аянтча менен кызмат көрсөтөт. Анын айтымында, Талас облусунда учурда жалгыз муз аянтча бар.

«Алгач 2012-жылы Көк-Ой айылында муз аянтын ачтык. Быйыл аны жаап, муз аянтчасын Талас шаарында ачууну чечтик. Байкөл көлмөсүндөгү сууну биринчи жолу тоңдуруп, шаардыктар үчүн муз тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 1 айдан бери күнүнө 100дөн ашык адам келип жатат. Катуу суукка байланыштуу эс алуучулардын саны азайды, бирок эс алуу күндөрү келгендер көп болот», - деди ишкер.

Күн сайын аянтчадагы муздун үстүн тегиздеп, керектүү шарттарды түзүп турат. Муз аянтча күн сайын саат 10:00дөн тарта саат 22:00гө чейин ачык. Муз тебүүнү каалаган чоң кишилер үчүн акы 70 сом болсо, балдар үчүн 50 сомдон алынат.

Ишкер жубайы менен 3 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×