Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Эгиздер: Аймен менен Гулменди мектептен эч ким айырмалай алчу эмес (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылындагы 19 жаштагы эгиздер Аймен менен Гулмен Жаныбердиеваларды мектептен классташтары да айырмалай алышчу эмес. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Аймендин айтымында, бала кездеринде көптөгөн кызыктуу окуялар болгон.

«Бизди мектептен эч ким айырмалай алчу эмес. Ата-энебиз жана бир туугандарыбыз гана айырмалай алышчу. Гулмендин мүнөзү ак көңүл, назик болсо, менин кыялым чорт жана бетке айтканды жактырам. Мектепте окуп жүргөндө мугалимдер бизге бааны көп жолу алмаштырып коюп алышчу. Кээде дүкөндөн карызга бир нерсе алганда бир-бирибизди айтып койчубуз (күлүп). Экөөбүз дайыма окшош кийинип жүргөндү жактырабыз. Келечекте Гулмен экөөбүз бизнес ачсак деген оюбуз бар. Болочокто эгиз балдарга турмушка чыгып, үлпөт тоюбузду чогуу өткөрсөк деп кыялданып калабыз. Азыр Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун экономика жана финансы факультетинин 2-курсунун студентимин», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончулары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1843
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×