Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Таластык Ж.Жуманалиева ырчылардын, артисттердин кийимдерин тигет (фото)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 57 жаштагы тургуну Жамалбүбү Жуманалиева 1991-жылдан тарта тигүү цехин иштетип келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Калинин колхозунда чоңойгон. 1979-жылы Жоон-Арык айылына келин болуп келген.

«Узчулукту 1-классымда 80 жаштагы Сырга таенем үйрөтө баштаган. Биринчи байпак токуганды үйрөткөн. Кол эмгек сабагынан дайыма 5 деген баа алчумун. Көрсө тубаса талантым бар экен. 7-классымдан өзүмө кийимдерди токуп кие баштадым. Классташ кыздарым кызыгып, «бизге да тигип берчи» дешчү. Алма бакка шырдак жазып алып, тегеректеп отурган кыздарга кийим тигип бергем.

Жаңы келин болуп келгенде кайын энем медициналык окуу жайда окуган кайын сиңдиме ак халат тигип берчи деди. Сүрдөнүп бузуп албасам экен деп жатып тиктим. 86 жаштагы кошуна эне менин бет маңдайымда мени байкап отурду. Эшикке чыгып, кайын энеме «жакасын эч кемчилиги жок жасады, бул келиниң мыкты уз болот» деп айтыптыр. Аны менен катар жолдошума костюм-шым тигип бердим.

1991-1992-жылдары кийим тигүүчү цех иштете баштадым. Ошол жылдардан ушул күнгө чейин кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Улуттук орнаменттер менен тиккен кийимдеримди окуучулар, артисттер, ырчылар кийип кетишет. К.Медетбеков атындагы драма театрдын артисттери мага келип, өздөрү каалагандай кийим-кечелерин тиктирип кетишет. Үкү топу, тебетейлерди дагы тигем. Көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы кыздардын кийген формалары мага таандык. Бишкекте, Чүйдө, Нарында, Ысык-Көлдө болуп өткөн фестивалдарда алдыңкы орундарды алып келип жүрөм. Жоон-Арык айылынан 20 келинге сабак өтүп, тажрыйбамды бөлүштүм», - деди ал.

Чебер айым 4 баланын, 12 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1701
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×