Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 05.02.2018 10:42

Айыл турмушу: Э.Сагынбекова 28 жылдан бери адамдардын жүрөгүн дарылап келет (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 50 жаштагы тургуну Элмира Сагынбекова 28 жылдан бери Талас облустук ооруканасынын жүрөк оорулар бөлүмүндө эмгектенет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Таластын Чат-Базар айылында чоңойгон. 1986-жылы медициналык колледжди аяктаган.

«Медициналык колледжди аяктаган соң эмгек жолумду Көк-Ой айылындагы ооруканада баштадым. 1990-жылдан баштап Талас шаардык оорукананын жүрөк оорулар бөлүмүндө иштеп келе жатам. Үзүрлүү эмгегим үчүн бир нече ардак грамоталарым бар.

Жаңы иштеп жүргөндө коркуу сезимдер болот. «Бир нерсени туура эмес сайып алсам эмне болот?» деген ойлор оюңдан кетпейт. Себеби адамдын өмүрү биздин колубузда. Бирок болгон аракетимди кылып, жардамымды аябаганга далалат кылчумун. Азыркы учурда такшалып калдым. Негизи студент кезимде бул кесибимди сүйө берчү эмесмин. Ата-энем, жакындарымдын акылы менен окуп баштагам. Бирок убакыт өткөн соң өз кесибимди сүйүп калдым. Жүрөгүм менен жактырып иштейм. Ар кандай учурлар болот. Стресс да болосуң, кээ бирлер өзүңдүн көз алдыңда көз жумат. Элеси эсиңден кетпей, ыйлаган күндөр болгон. Аны менен катар эле кээде кубанычтуу көз ирмемдер да болот», - деди ал.

Дарыгер айым 2 кыз, 2 уул, 5 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×