Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Талас

Айыл турмушу: Таластык Б.Осмоналиева үйүндө гүлдүн 30дан ашык түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну Бурулча Осмоналиева үйүндө гүлдүн 30дан ашык түрүн өстүрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, гүлдөрдү 20 жылдан бери өстүрүп келет. Көп учурда үйгө келген конокторго белекке берет.

«Үйдө өстүрүлгөн гүл абаны тазартып, адамга жагымдуу маанай тартуулайт. Үйдө өсүүчү гүлдөр ар бирине өзүнчө кам көрүүнү, жылуу мамилени талап кылат. Аларды өтө ысык да, муздак да жерге койбош керек. Болбосо жалбырактары саргайып, өсүүсү начарлап кетет. Ал эми жайында гүлдөрдү сыртта бакса бат өсөт. Аларды өсүүсүнө жараша 2-3 жылда бир отургузуп туруу керек. Антпесе тамыры челекке батпай, өсүүсү жайлап калат.

Гүлдөрдү өстүрүүдө ар бирине жаш баладай мамиле жасоо зарыл. Сууну өз убагында куйса гүлдүн өсүүсү бат болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 567
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×