Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Айыл турмушу: Таластык Исламбек грек-рим күрөшү боюнча 100гө жакын медалдын ээси (фото)

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылынын 23 жаштагы тургуну Дамир уулу Исламбек грек-рим күрөшү менен машыгып, мелдештерден 100дөй медаль жеңди. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 15 жашынан тарта спорт менен машыга баштаган.

«Эң алгачкы машыктыруучум Эшкожоев Бейше агай болгон. Агайымдын жетектөөсү менен көп турнирлерге катышып, байгелүү орундарды алып жүрдүм. Бүгүнкү күндө 100дөй медалдын ээсимин. Таласта мердин кубогунда 2-орунду алдым. 2014-2015-жылдары Бишкек шаарында өткөн турнирде 3-орунду жеңгем. Университеттер арасында байгелүү орундарды алып жүрдүм. 2013-жылы Бишкек шаарынын чемпиону болдум. Аны менен катар Казакстанга, Россияга барып, эл аралык мелдештерге катышып, 2-3-орундарды алууга жетиштим.

Алдыда машыгуучу зал ачып, машыктыруучу болуп иштегим келет. Мага колдоо көрсөтүп келген ата-энеме жана машыктырган агайларыма терең ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Балбан жигит 5 бир туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1537
×