Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 07.02.2018 17:24

Айыл турмушу: Таластык У.Кыбыраев көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугун бир нече жолу багындырган (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 35 жаштагы тургуну Улан Кыбыраев 16 жашынан бери көк бөрү ойноп, бир топ ийгиликтерди багындырган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттарга, президенттик кубокторго, облустук спортакиадаларга катышып келет.

«Кичинемде эле ат үстүндө жүргөн бала элем. 16 жашымдан тарта көк бөрүгө түшө баштадым. Бул кумар, жаш кезде күндөн күнгө кызыгууң артып ойнойсуң. Андан соң чоң оюндарда облустун атынан жериңдин намысын коргоп каласың. Жаракат алып, ойнобой калган учурларда болду. Айыккан соң унутуп, кайра эле ат үстүндө жүрөбүз», - деди ал.

Көк бөрүчү жубайы Назгүл Сманалиева менен бирге 6 кызды тарбиялап жатат.

Алган сыйлыктары:

- Көк-бөрү федерациясы тарабынан уюштурулган мелдештин 2 жолку жеңүүчүсү, спорттун чебери;

- 2001-жылы Ата Түрктүн элесине арналган эл аралык турнирде Кыргызстандын командасында ойноп, 3-орунду ээлеген;

- 2002-жылы Казакстандын Тараз шаарынын 2000 жылдыгындагы мелдеште 2-орунду багындырган;

- 2003-жылы эл аралык турнирде президенттик кубокту багындырып, 1-орунду ээлеген;

- 2005- жылы республикалык чемпионатта 1-орунду ээси болгон;

- «Нооруз 2007» республикалык чемпионаттында 1-орундун ээси болгон;

- 2012-жылы Казакстан Республикасынын чемпионатында 1-орундун ээси;

- 2014-жылы Кыргызстан чемпионатында президенттин кубогун кайрадан жеңип, 1-орунду багындырган;

- 2014-жылы Көчмөндөр оюндарында командасы менен 1-орунду багындырган;

- 2014-жылы Көк бөрү федерациясынын чечими менен экинчи жолу «Спорт чебери» наамына татыктуу болгон;

- 2015-жылы Кыргызстандын чемпионатында президенттин кубогун утуп, 1-орунду ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×