Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жаш талант: 15 жаштагы Самат грек-рим күрөшү менен машыгып, балбандык чеберчилигин арттырууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 15 жаштагы тургуну Самат Аманкулов кичинесинен грек-рим күрөшү менен машыгып, ийгилик жаратып келет. Аймактык кабарчы жаш балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күрөшкө агасынын аркасынан катыша баштаган.

«Кичине кезимден агам менен таякемди көрүп, күрөшкө кызыгуум күчөдү. Толкунбек байкем катышкан мелдештерге барып жүрүп, өзүм дагы машыга баштадым. Алгач Бакай-Ата районунда өткөн мелдештен 3-орунду ээледим. Талас шаары боюнча 2-орунду алгам. Бишкек шаарында өткөн мелдеште 3-орунду ээледим. Ушул ийгиликтерге жетишкениме ата-энем, агам жана агайым Акылбек Шаршекеевдин кошкон салымдары чоң. Мелдештерге баруу алдында салмак кууп, даамдуу тамактардан баш тартууга туура келет. Утулуп калып, абдан кейиген учурлар да болот. Буйруса алдыга койгон максаттарым көп. Кийинки жылы республикалык спорт мектебинде билим алам», - деди ал.

Балбан жигит 2 бир туугандын кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1379
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×