Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Талас

Фото — Таластагы кыргыз-казак чек арасында курулган 30 объект 1 айдын ичинде алынышы керек

Turmush -  Талас—Покровка—Тараз унаа жолунун жээгиндеги (Манас району, «Чоң-Капка» посту) 30га жакын объект мыйзамсыз курулган деп табылган. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Талас региондор аралык жерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору Зарлык Өзүбеков билдирди.

Анын айтымында, бул объекттер 16 адамга таандык.

«Кыргызстан менен Казакстан чектешкен жерде Талас—Покровка—Тараз жолунун жээгиндеги дүкөн, кафелер Административдик кодекстин 454-беренесин бузушкан деп табылган. Учурда курулуштарды алууга 1 айлык мөөнөт берилди. Аталган аймактын жол тейлөө ишканасына акт түзүлүп, материалдар 1 айдан соң сотко жөнөтүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 701
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×