Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Талас

Жаш талант: Көп кырдуу талант ээси Азиретхан тойлордо датсан айтып, аккордеон тартат (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Орто-Арык айылынын Долоно айылынын 16 жаштагы Мунаркан уулу Азиретхан гитара, аккордеон чертип, ыр жазып, дастан айтат. Ошондой эле, ал манасчылык, комузчулук, ооз комузчулук өнөрдүн ээси. Аймактык кабарчы жаш таланттан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, манасчылык өнөрдү 8 жашынан баштап аркалай баштаган.

«2-классымда "Манас" эпосунан үзүндү айта баштадым. Бир жолу туугандардын жыйыны болуп, 12 жашымда "Манас" эпосунан үзүндү айттым. Ошол айтканым өзгөчө болгон. Себеби, жаттаганым 1 минутага эле жетмек, бирок мага аян берилип, сөздөр өзү эле куюлушуп келип, көзүмдөн жаш чыгып, жарым сааттан ашык айтып салыптармын. Андан тышкары көптөгөн сынактарга катышып ийгиликтерге жетиштим. Нурбаев атындагы орто мектебинде "Манас" эпосунан үзүндү айтып, 1-орунга ээ болдум. Азыркы учурга чейин таштабай "Манас" эпосунан үзүндү айтып келүүдөмүн», - деди ал.

Каарманыбыз андан тышкары комуз жана ооз комуз чертет.

«Атам комузчу болгондуктан комузга кызыгуумду арттырган. Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепке кирип, чебер комузчу болдум. Жакында комузчу мугалими адистигин алып чыгам. Бул да болсо жетишкендик деп ойлойм. Комузду колго алып, көптөгөн ийгиликтерди жаратууга мүмкүндүк болду. 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып, 1000 комузчунун катарында комуз чертип, президентибиздин ыраазычылык катына ээ болдум. Андан тышкары Караколго барып, ал жердеги сынактан 2-орунду камсыздадым. 2017-жылы Ысык-Көлгө Асел Абылгазиеванын жетектөөсү менен барып, "Достук шааңы" аттуу сынактан 1-орунду алып келгенбиз. Аны менен катар кызыктуу окуялар болду. Бир ирет комуз чертип жатып, тепкегим ыргып кетти. Бирок элге билгизбей күүнү бүтүрүп койдум. Комуз менен катар ооз комузду да өздөштүрүп кеттим. Учурда такшалып, сынактарда байгелүү орундарды камсыздадым. Андан тышкары дастан айтам. Менин манасчылык, дастанчылык өнөрүмө түрткү берген чоң апамдын салымы чоң. Ал киши элдик жомокторду кичинемде тынбай айтып берчү. Чоң апам мурдагы жылы каза болуп калган. Эгерде көзү тирүұ болгондо дагы көп нерсени үйрөтмөк эле», - деди ал.

Ошондой эле жаш талант аккордеон жана гитара чертип ырдайт.

«Аккордеон черткенди мага эч ким үйрөткөн жок. Атамдын үйдө жаны аккордеону бар эле. Ошону алып, окшоштуруп тарта берчүмүн. Бирок атамдан уялып кайра коюп коер элем. Атам бир жолу Бишкек шаарына 1 айга кетти. Ошол маалда толук кандуу үйрөнүп алдым. Гитараны Бишкек шаарынан байкемден үйрөнүп келгем. Байкем мага гитара белек кылып, ошол гитара менен азыркы учурда ырдап жүрөм», - деди ал.

Каарманыбыз поэзияга да жакын экендигин кошумчалады.

«Ырды кичинемден эле чыгарып жазчумун. Өзүмө таандык 10дон ашык чыгармам бар. Азыркы учурда ырларымды сурап жаткандар болууда», - деди ал.

Учурда Азиретхан кечелерге, тойлорго барып «Манас» эпосунан үзүндү айтып, күүлөрдү чертет.

«Учурда кечелерге, тойлорго барып "Манас" эпосунан үзүндү айтып, аккордеон жана гитара чертип, өнөрүмдү элге тартуулайм. Тойго чакыргандарга мынча сом болот деп деле айтпайм. Жүрөгүңдөн чыкканын бере бериңиз деп коём», - деди ал.

Азиретхан 6 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 793
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 5 адам окуп жатат)
×