Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Талас

Жаш талант: Жүзгө жакын медалдын ээси Шамил эркин күрөш боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын 18 жаштагы балбаны Аязбек уулу Шамил 100гө жакын медалдын ээси. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Аязбек уулу Шамил 1999-жылы 17-октябрда жарык дүйнөгө келгем. 6-жашымда спортко кызыгуум артып, эркин күрөш менен машыга баштагам. Эң биринчи ийгиликтерим Талас шаарындагы залга барып, машыгуудан башталды. Көптөгөн кубоктордун ээси боло алдым. Мисалга ала кетсем, Талас шаардык мэриясынын кубогун алууга жетишкем. Мындан тышкары Каракол, Жалал-Абад, Бишкек жана Токмок шаарларында болгон турнирлерде биринчиликти багындыргам жана багындырып келүүдөмүн. Ушул ийгиликтерим менен кошо кызыктуу окуялар дагы болду.

Бир жолу Бишкек шаарында турнир өттү. Бул турнирге мен катуу даярдангам эле. Атаандашымды карасам, узун бойлуу, сакалдуу улуу киши экен. Аны көрүп, ушунча даярдык менен келип, турнирде жеңилет турбаймынбы деп ойлогом. Бирок атаандаштарды жеңип алып, ал турнирде биринчи орунга ээ болдум», - деди ал.

Каарманыбыз 6 бир туугандан үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 544
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×