Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Таласта эки унаа кагышып, 32 жаштагы айдоочу каза болду

Turmush -  Талас районундагы Кара-Ой айылында эки унаанын кагышуусунан айдоочулардын бири каза болуп, 4 адам ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Окуя 10-февраль күнү саат 21:10 чамасында болгон.

ӨКМдин маалыматы боюнча, «Ниссан Сефиро» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Хонда Стэпвэгон» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу – 1986-жылы туулган А.М.К. каза болуп, 2 адам жабыркады. Ошондой эле, экинчи унаадагы 2 адам жаракат алган.

Жабырлануучулар ооруканада дарыгерлерден жардам алып, окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 608
×