Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Таласта алтын медаль коюлган волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Талас районуна караштуу Өмүралиев айыл өкмөтүндө Черикчиев Кушубактын жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын уулу Залкар Черикчиев билдирди.

Анын айтымында, бул мелдеш анын үй-бүлөсү, жакындары тарабынан 6 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Мелдештин байге фонду 25 миң сом. Турнирге Талас районунун айыл өкмөттөрүнөн түзүлгөн 14 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Кууганды айыл өкмөтү ээ болуп, 10 миң сом акча жана алтын медаль утту. 2-орунду Өмүралиев айыл өкмөтү ээлеп, 7 миң сом акча жана күмүш медаль алышты. 3-орунга ээ болгон Шекер айылынын командасына 4 миң сом жана коло медаль тапшырылды. Калган командаларга кызыктыруучу байгелер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
Көп окулду
×