Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Айыл турмушу: Таластык Гүлназина апа 15 жылдан бери 1 миң долларлык шырдактарды жасайт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 66 жаштагы тургуну Сулайманкулова Гүлназина апа 15 жылдан бери шырдак жасап келет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1 шырдагын 1 миң долларга баалайт.

«Өзүм Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын кызы болом. 1968-жылы Көпүрө-Базар айылына келин болуп келгем. Өзүмдүн чоң энем чебер айым болгон. Мен шырдак оюп жасаганды ошол чоң энемден үйрөнгөм. Башында келиндериме, кыздарымдын себине деп жасагам. Кийин буйрутмалар көп түшө баштады. 15 жылдан бери шырдак жасап сатып, көргөзмөлөргө чыгарып келем. Шырдактын жумушу көп.

Бир шырдак жасоо үчүн 10 миң сом каражат керектелет. Алгач жүндүн ак, көк, боз өңдөрүн сатып келип тазалап, бирден жулуп, кол менен даярдайм. Ал даяр болгондон кийин оюм-чийимдерди чийип, шырдакты жасай баштайм. Албетте, бул ишке келиндерим жабылып жардам беришет. 1 жылда 2 шырдак жасайм. Даяр болгон шырдактарды тигүүгө 1 ай убакыт талап кылынат. Мындан тышкары үйгө чет өлкөдөн келип, шырдактарды көрүп кызыгып кеткендер да болот. Мунун жумушу оор жана майда болгондуктан кымбат баага сатылат», - деди ал.

Чебер апа жолдошу Мамбеткул ата экөө 6 баланын жана 25 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1205
Көп окулду
×