Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жубайлар: Бактияр менен Асел үйлөнгөндө электр жарыгы өчүп калып, туугандары телефондун чырагы менен тосуп алышкан (фото)

Turmush -  Талас районунун Чолпонбай айылында жашаган Бакиров Бактияр менен Айбек кызы Асел мектеп жашында таанышып, кийин баш кошушкан. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Асель жеңе: Жолдошум Бактияр менен мектепте окуп жүргөн кезимде таанышып калгам. Бирок эч байланышыбыз жок эле. Мен жогорку окуу жайда билим алып жатканда кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал убакта жолдошум мага көптөгөн белектерди берип, мени таң калтырган. Бир ирет туулган күнүмдө атайын буйрутма кылып торт жасатып, апама чоң гүл алып барып, үйүмдүн эшигинин алдынан куттуктаган.

Жолдошум дайыма тамаша айтып, маанайымды көтөрүп турат. Мага жоопкерчиликтүүлүгү, тамашакөйлүгү жагат. Жаңы келиндик жашоом башталганда кызыктуу окуялар көп болду. Жолдошум экөөбүз баш кошуп, үйгө келгенде электр энергиясы өчүп калып, телефондун жарыгы, шам менен тосуп алышкан. Келин болгонума 2 күн болгондо кайын атама жүгүнгөндү унутуп коюп, кайра артынан чуркап барып кантип жүгүнөрүмдү билбей кайнатамды күлдүргөм.

Бактияр мырза: Жубайым Аселди мектепте окуп жүргөн кезинде эле жактырчумун. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Жолубуз бир болуп, 2017-жылдын 26-ноябрында баш коштук. Сөйкө салып, үйгө алып келдим.

Асел эрке, бала кыял болгондуктан келиндик жашоого көнө албай уялып, тартынып жүрдү. Мени эч жакка кетиргиси келчү эмес (күлүп). Жубайымдын эркелик, тамашакөйлүк, сылыктык, ийкемдүүлүк сапаттарын баалайм.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1573
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×