Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 27.07.2019 19:53

Жубайлар: Н.Райымкулова жолдошу Р.Сейдалиевди сүрөттөн карап туруп эле майор кылып койгон (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургундары — 62 жаштагы Сейдалиев Рыспек менен 58 жаштагы жубайы Райымкулова Нурайым 39 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жубайы: Мен 1961-жылы Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде филолог адистиги боюнча билим алгам. Мектепте орус тили сабагынан мугалим болуп 35 жыл иштедим. Жолдошум экөөбүз студент кезде, мен акемдин үйүнө барганда таанышып калганбыз. Экөөбүздүн жылдызыбыз жарашып, сезим пайда болду (күлүп). 1 жылдай сүйлөшүп жүрүп, баш коштук.

Студент болгондуктан 40 сом стипендия алчубуз. Стипендия алган күнү дайыма жолукчубуз. Ал күн бизге майрам болчу. Бир жолу жолдошум киного барып келели, лагман жейли деп, Индиянын киносун көрүп келгенбиз. Ал учурда Индиянын кинолорун көп көрчүбүз. «Россия» кинотеатрына барып, биринчи катардан башыбызды өйдө көтөрүп алып кино көргөнбүз (күлүп). Кинодон чыгып лагман жедик. Ошол кездер такыр эсимден кетпейт. Айрыкча биринчи катарда отуруп кино көргөнүбүз.

Сентябрь айында үйлөнгөндүктөн окуубузга байланыштуу тоюбузду кайын агамдын үйүнө кайын ата, кайын энемди чакыртып чакан той бергенбиз. Андан кийин Таласта, айылдагы мектепте бош орундар болгондуктан айылга келгенбиз. Орус тили сабагын бала кезден жакшы көргөнгөбү жумушума берилип иштедим. Учурда ардактуу эс алуудамын. Өзүм шаарда орус мектепте окугам. Ал учурда союз мезгили болгондуктан кыргыз тили жана адабияты сабагы жок болчу.

Бир жолу келин болуп келгенден кийин жеңем жумуштары менен кетип, «айран уютуп койчу» деп суранган. Мен айран уютканды билем деп сүттү ороп туруп, терезеге коюп койгонум эсимде. Ага чейин жеңемдин айран уютканын элес-булас көргөм. Жеңем кечинде келип, айран уюп калды окшойт деп караса, айраным сүт боюнча туруптур (күлүп).

Мен жолдошум менен ушунча жыл өмүр сүргөнүмө кудайга ыраазымын. Жолдошум пунктуалдуу, чечкиндүү, тыкан, калп айтпаган, намыскөй адам. Кыялкеч жагы да бар. Ушул сапаттарын баалайм. Бири-бирибизге кичине таарынышып калсак сүйлөбөй койчумун. Анан жолдошум мени ошол замат күлдүрүп, кайра бат эле тил табышып кетчүбүз.

Жолдошу: Мен 1957-жылы Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. Жубайым экөөбүз 1980-жылы баш кошконбуз. Экөөбүз семинарга даярданып калган учурларда китепканада бир залда отуруп калчубуз. Ал учурда телефон, кат бермей деген жок. Жөн гана мен мынчанчы күнү китепканага барам десем, жубайым дагы мынчанчы күнү барам дечү. Анан ошол күнү жолугушуп калчубуз. Чогуу китеп окуп, аны талкуулачубуз. Жаңы баш кошкондо окууга байланыштуу Чүйдө акемдин үйүндө жашадык. Жубайым ак көңүл, кичине таарынчаак, кичи пейил, камкор, жакшы адам. Ушунча бала төрөп берип, менин ардактуу адамым болгонуна кудайга ыраазымын.

Жубайы: Бир жолу үйгө курбум келип, фотоальбомдон сүрөт көрүп жатканбыз. Жолдошум аскерден түшкөн бардык сүрөттөрүндө чекчейип турчу. Кайын ата, кайын энеме дагы «балаңыз жакшы кызмат өтөдү» деген ыраазычылык кат келген. Аны өзүм да окугам. Негизи аскердик терминдерди көп деле түшүнө бербейм. Курбум экөөбүз сүйлөшүп олтуруп, «Жолдошум аскерден майор наамын алып келиптир. Аябай жакшы кызмат өтөптүр» деп айткам. Ошондо жолдошум башка бөлмөдө жаткан экен. Курбу кызым кеткенден кийин жаныма келип, «мен аскерден лейтенант болуп эле келгем» деп аябай күлгөн (күлүп).

Жубайлардын 2 уулу, 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×