Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 18.03.2019 16:28 Жаңыланды: 26.07.2019 17:28

Айыл турмушу: Таластык К.Калыбаева окуучу кезинен бери чеберчилик менен алектенип келет (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 59 жаштагы тургуну Күлбарчын Калыбаева окуучу кезинен бери чеберчилик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы кол өнөрчү айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү апасы үйрөткөн.

«Кичинемден мээнеткеч болдум. 1977-жылы техникумду окуп бүткөм. Союз кезинде бара турган жерге ылайыктуу кылып көйнөк тигип кийип алчумун. Көргөндөр «кайсы жактан сатып алдың?» деп сурап калышчу. Келин болуп келгенден бери курак курап, төшөк жасайм. Айыл ичиндеги иштерге барып жардам берем. Ошентип буйрутмалар келе берет. Убагында апам «минтип тигет же антип жасайт» деп отургузуп алып жолго салчу. «Аял кишинин колунан баары келип турганы жакшы» деп көптү үйрөткөн. Илгери кыздар турмушка чыгардан мурун туш кийизди сайма менен сайып жасашчу. Ал кезде сайма сайган же тиккен буюмдарын өзүбүздүн көшөгөгө кошуп берчү. Менин алгачкы жасаган туш кийизим азыркы күнгө чейин сакталып, үйдө тагылып турат. Кол менен сайып жасаган мээнет кеч эскирет. Ошол кезде атайын жоолуктардан жиптерди сууруп алып сайма сайчубуз. Азыр сонун жиптердин түрлөрү чыгып калбадыбы. Илгери кыздардын баштары бириксе сайма же курактын түрлөрүн биринчи кагаз бетине түшүрүп алып, «мен ушундай кылып сайма сайып же курак караганы жатам» деп сүйлөшчүбүз.

Кийим бычып, чапандан бери тигем. Албетте мындай жумуштар көздүн майын алат. Ага карабастан кызыгуумдун арты менен аткарам. Мен союз тарагандан бери цех ачып иштете бергенимде менден мыкты дизайнер чыкмак деп ойлоп калам. Азыр деле шүгүр, үй шартында болсо дагы эл ишенимин актап, эмгектенип келем. Бүтүндөй эл дагы курактарга ооп келе жаткандай сезилет. Курактын бардык түрүн карайм. Кээде өз алдымча жаңы түрлөрүн ойлоп таап, аны курайм. Курак менен килемчелерди, төшөнчүлөрдү, олпокторду жасайм. Мурун жасаган эмгектерди тартуу кылып, белек катары берчүмүн. Курак килемчени 1000 сомдон алып кетишет. 5 метр болсо 5000 сом болот. Килемчелер майда курактар менен куралат. Бычканды үйрөнөм деген келиндер бар.

Курак үнөмдүүлүккө үйрөтөт жана жоктон бар кылуучу өнөр. Жерде бир кездеме жатса андан кураштырып кооз буюм чыгарууга болот. Тегиз кылып кесиндилерин даярдап алышыбыз керек. Бирөөнү чоңураак, экинчисин кичирээк кылса, ал курагыбыз жасалуучу буюмга түз түшпөйт», - деди чебер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×