Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 08.04.2019 12:23 Жаңыланды: 06.08.2019 17:46

Айыл турмушу: Таластык уста М.Арыкбаев чарба жумуштарын жеңилдеткен шаймандарды жасайт (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 33 жаштагы тургуну Максат Арыкбаев чарба жумуштарын жеңилдеткен шаймандарды жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби ширетүүчү.

«Бала күнүмдөн техникага жакынмын. Темирсиз күнүм өтпөйт (күлүп). Топурак жүктөгөнгө ыңгайлаштырып шайман жасадым. Мурда топурак же малдын кыгын жүктөө үчүн бир топ балдарды жардамга чакыруу керек болчу. Эми ушул иштердин бардыгы бир кишинин колунан келе тургандай жабдык жасап чыгардым. Бул экскаватордун жабдыгына окшошуп кетет. Бирок экскаватор бардык жерге келип, үй тиричилигиндеги майда-чүйдө жумуштарды жасабайт да. Бул жабдык 4-5 чиркегич боло турган кык, кум, топуракты 2 саатка жетпей жүктөп бүтүп коёт. 2,5 метр бийиктикке көтөрүп, бир нерсени алып бере алат. Кышы менен материалдарын чогултуп, 10 күндө жасап бүттүм. Таластан темир жана башка материалдарын алып келдим. Ушуга окшогон шайман Таласта жок болуш керек. Эми көргөндөр жасашат го деп турам. Эми тракторум менен айыл элине кызмат кылам. Жылына тракторум менен 100 миң сом киреше таап калам», - деди ал.

Каарманыбыз буга чейин да бир топ жабдыктарды жасап жүргөн.

«Темирден көп эле нерселерди жасадым. Төө буурчак чыгаргыч жасап, жакшы киреше таптым. Культиватор жана башка ушул сыяктуу трактор шаймандарын бат эле жасап коём. Жумуш жүрүп жатат. Күнүнө 20 кап алмадан шире сыга ала турган жабдык жасап, 1 жыл элге кызмат кылгам. Азыр аны бузуп салдым. Көбүрөөк алма бата турган жана бат иштеп чыгара турган кылып жасаганы турам. Кирпич чыгаргыч дагы жасагам, бир топ кирпичтер коюлду. Анын дагы үстүнөн толуктап жасайм. 1 күндө 300дөн ашык кирпич куйса болот. Бир жерде туруп кирпич куйганга ылайыктагам. Талаада төө буурчакты жерден алып чаап чыгара турган комбайнды даярдоого камданып жатам. Төө буурчак кургаганда айры менен алып, чапкычка ыргытып салып бербей калабыз», - деди ал.

Максат уста 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×