Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 08.04.2019 15:22 Жаңыланды: 30.09.2019 15:11

Айыл турмушу: Таластык Д.Сүйүналиева 20 жылдан бери кол өнөрчүлүктү аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 57 жаштагы тургуну Дамира Сүйүналиева 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алек. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чеберчиликти апасынан үйрөнгөн.

«20 жашымдан бери курак курап баштагам. Апамдан үйрөнүп шырдак шырып, ыскыт басып келгем. Апам шырдак шырып, өрмөк өргөн уз киши болгон. Азыркы кезде кийизди токтотуп, курактарга басым коюп келем. Анан курак куроого жакынмын. Үй кожейкесимин, үйдө бош отургандан көрө деп жүрөгүмө жакын болгон жумуш менен алектенип жүрөм. Фантазияга жараша өңүн ылайыктап, каалагандай кылып жасай берүүгө болот. Өңү дал келсе эле кооздугу ачылып көрүнөт. Сүрөтчүлөрдөй элебиз, алар өңдөрдү дал келтирип тартышат эмеспи. Майдалап, кесиндилерди ар кандай кылып даярдап алып, кооздоп, бириктирип тиккенден ырахат алам. Улуу эжем жакшы курайт. Кураганды мага дагы үйрөткөн. Каттама куракты зерикпей кесиндилерин каттап-каттап курап чыгам. Буларда көбүнчө кездеменин баркыт түрүн колдоном. Көпчүлүк ушул түргө кызыгууда. Мунун куроо жолу абдан татаал болуп, эсептөө жагынан өтө так болуу керек. Алгачкы жолу баштаганымда каттама курак менен жер төшөк тиккем. Ошондон бери каттама түрүнө көнүп, ошону тигип келем. Көптөр майда деп айтышат. Ал чындык, бирок кызыккандыктан мага оорчулугу билинбейт.

Мен биринчи 5-6-көздөрүн курап, даярдап алам. Аларды бириктирип жер төшөк чыгарып коём. Беш жылдыз, роза гүлү деген түрлөрүн дагы унутта калтырбайм. Мурда уколдун ийнеси менен сайма сайган элем. Ортодон токтотуп койгом. Эми кайра ошондой саймаларды эл колдонуп жанданып жатат. Кайрадан ошондой саймаларды саюуга өткөнү турам. Андан жасалган олпок, килемчелер көздүн жоосун алгандай көрктүү болот. Аны тукаба кездемени жыгачка керип алып жасаганда оюңдагыдай образды берет.

Жолумду улуу кызым улап, майда түрү менен курак курап, андан сумка жана башка көптөгөн буюмдарды тигет. Баарына чыдап, кооз буюмдарды жасайт», - деди ал.

Чебер айым 5 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×