Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 24.07.2019 20:32 На русском

Каналга аккан бир туугандар: Таласта эжесин куткарууга аракет кылган окуучуну суу агызып кетти

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылында эки бир тууган сууга чөгүп кетип, биринин денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.

Окуя бүгүн, 24-июль күнү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, 10-класста окуган окуучу кыз айылдагы каналга түшүп кеткен. Аны көрүп калган 8-класста окуган бир тууган иниси эжесин куткарам деп сууга кошо агып кеткен.

Эки бир тууганды издөө иштери жүргүзүлүп, саат 19:30 чамасында 10-класста окуган кыздын денеси табылды. Инисин издөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×