Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 25.07.2019 10:35

Айыл турмушу: 70 жаштагы Өмүркул ата 46 жылдан бери сүрөтчүлүк кесипти аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылынын 70 жаштагы тургуну Чолпонбаев Өмүркул ата өмүрүн сүрөт тартууга арнаган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1973-жылы С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын аяктаган. Андан кийин мугалим болуп иштеген.

«Алгачкы эмгек жолумду Талас районундагы Кара-Суу орто мектебинде чийүү жана сүрөт сабактарынан мугалим болуудан баштагам. Ал жакта 5 жыл иштегем. Кийин Көк-Кашат айылындагы орто мектепте 20 жылдай иштеп, пенсияга чыктым. Мектептик программанын негизинде окуучуларга акварель жана калем менен кандай иштеш керек экендигин, сүрөт тартуу өнөрүндө ар кандай жанрда иштөөнү үйрөттүм. Өзүм эмгектенген мектептин ичин кооздоп, бир топ эмгектерим илинген. Ошондо колдун эмгеги жакшы бааланган. Көптөгөн көргөзмөлөргө катышып, Казакстанга чейин барып, сыйлыктарга татыгам. Мектептен окуткан бир нече окуучуларым сүрөт боюнча окууну бүтүп, Бишкекте иштеп жатышат. Сыймыктанчу балдарым бар. Жалпы 40 жылдын аралыгында көптөгөн эмгектерди жараттым.

Сүрөт тартуудан эч тажабайм. Илгери мектепте окуп жүргөндө «сүрөтчүлөр бай жашайт» деп айтышчу. Анда сүрөтчүлөрдүн эмгеги бааланып, алар кымбат сатылчу. Мен шыгым бар болгондуктан кызыгып, ушул кесипке ооп кеткем. Азыр ыраазы болом. Себеби мугалим түбөлүктүү кесип дегендей, окуучуларымдын асты 50 жашка чыгып калышса дагы учурашып турушат. Азыр баары компьютерлештирилип калды. Мунун дагы терс жагы бар. Мында баланын фантазиясы өөрчүбөй, логикасы уктап калат.

Мага көбүнчө портрет тарттырышат. Анын мүнөзүн чыгарууда жай отуруп, өңдөрүн айкалыштыра иштеш керек. Мен ойдон чыгарып, фантазиялап, өткөндөрдү элестетип сүрөт тартканда эргүү алам. Азыр дагы колума калем алып сүрөт чиймелеп калам. Чыгармалардагы образдарды мата бетине тартам. Каармандарды чагылдырган жагат. Меники көп фигуралуу сүрөт. Караганда бир нече образдардын элесин көрө алат. Оюма элес тартыла калганда калем кармап тарта калам. Эмгектеримдин дээрлик баары май боек менен тартылат. Аны жакшы сактаса өмүр бою сапатын жоготпой турат. Болбосо бөлмөдө бир температура болуш керек. Ысыкта кеңейип, муздакта тартылып сапаты начарлай баштайт. Картиналарды реставрациялап дагы иштеп калам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×