Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 25.07.2019 16:20

Эгиздер: Арлен менен Арген үйлөнгөндө үйгө кимисинин келинчеги терезеден киргизилерин чече албай жатышат (сүрөт)

Turmush -  Талас районундагы Көк-Кашат айылында жашаган 15 жаштагы эгиздер Арлен менен Арген Нажимудиновдор бир күндө үйлөнсө кимисинин келинчеги терезеден кирерин чече албай жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Эгиздердин апасы Жылдызкан айым: Эгиз балдарыбыз жарык дүйнөгө келгенде жакшылык, кут келди деп көзүбүзгө жаш ала кубанганбыз. Аттарын жолдошумдун урушканына карабай мен койгом. Ырчы Айчүрөк Иманалиеванын балдарынын ысымы шондой болчу. Жолдошум «Сен Айчүрөк Иманалиевасыңбы? Аттарын мен коймокмун» деп жүрдү. Арген Арленден 15 мүнөткө улуу. Эгиздер эки тарапта тең бар. Менин 2 абысыным дагы эгиз төрөгөн.

Арген: Бизди ата-энебиз «эки тондуусуңар» дешкен. Бирок окшошпуз. Элдер айырмабызды билбейт. Ата-эне, бир туугандарыбыз билет. Бизден улуу эки акебиз бар. Бизден улуу кыз жок болгондуктан апама көп жардам беребиз. Апам бизди бирде кубанып, бирде кыйналып чоңойтконун айтып турат. Ошонун баарын унутпай, мээнетин актоого аракет жасап, артыбыздан жакшы сөздөрдү уксун деп жакшы жүрөбүз.

Эгизсиңер деп көптөр кызыгышат. Эсте калган учурлар болуп турат. Мүнөздөрүбүз жоош, бейбаштыкка көп барбайбыз. Арлен намыскөй жигит. Мектептен орус тил сабагынан көчүрүү сынагы болуп, Арлен начар баа алып калган. Мен 4 деген баа менен чыктым. Арлен бир нече күндөн кийин кайра тапшырышы керек болуп калды. Үйгө келгенде кечке орус тилин кайталап окуп, даярданганга жардам бердим. Кайра тапшыруу күн келгенде Арлен тумоолоп калды. Ордуна мен бардым. Жаңы эле кирейин деп даярданып жатсам, Арлен алы кетип турса дагы барып калды. Ошондо тумоолоп жатса дагы мени киргизип жиберип кутулбастан, намыстанып өзү тапшырып, жакшы баа алып чыккан.

Арлен: Мен кандай иш-чара болбосун бийлейм. Ал жакка шыгым жана каалоом чоң. Талантымды баары баалап, колдоп келишет. Биз дээрлик чогуу жүрөбүз. Окшош кийинген жагат. Апабыз дагы окшош кийимдерди алып келет.

Бир жолу менин айымдан Аргенди ыңгайсыз абалга калтыргам. Арген көп бийлей бербейт. Бир күнү мелдеше кеттик. Түгөйүм жеңсе, сынакта менин ордума бийлеп бермек. Мелдештен мен жеңилип калып, менин ордума Арген кеткен. Кечке маал маанайы чөгүп, «мелдешпей эле койбой» деп келген. Көрсө эл алдында сүрдөнүп, өзүн жоготуп коюптур (күлүп). Ошондо эгиз болсок дагы табитибиз, кээ бир жасаган иштерибиз окшошо бербейт экен дегенбиз.

Арген: Биз атабызга окшошпуз. Биз тааныган достор Капа, Ади дешет. Бир кезде апам сатуучу болуп иштеп, бизге футболка алып келип берген. Артында «Капа» деген жазуусу бар болчу. Ошону мен көп кийдим. Көргөндүн баары Капа деп, ошону менен Капа болуп калдым. Арленди Ади дешет. Капа, Ади деп досторубуздун арасында сый мамиледебиз.

Экөөбүз эгиз кыздарга үйлөнсөк дейбиз. Бир күндө үйлөнсөк бирибиздин келинчегибиз эшиктен, экинчибиздики терезеден кирет экен. «Сеники айнектен, меники эшиктен кирет» деп чечише албай келебиз.

Баары аттарыбызды алмаштыра беришет. Көнүп калганбыз. Мага Арлен деп кайрылгандарга «ооба, мен Арленмин» деп кое берем.

Бир жолу Арген акчасына кара жумушта иштеди. Чарчап калып, мага чалып кетем деди. «Чыдап кой» десем болбой кетип калыптыр. Мен бара калып ордуна иштегем. Биздин алмашып калганыбызды эч ким билбей калган. Ошондой учурларда окшош болгон жакшы экен. Медреседе окуп, дин жаатынан билим алсак деп жатабыз. Досторубуз дагы ыйман жолунда жүрүшөт.

Арлен менен Арген 7 бир туугандын ортончусу (үчүнчү, төртүнчү).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×