Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 26.07.2019 15:05 Жаңыланды: 03.08.2019 14:31 На русском

«Шаардан агарып келейин»: Эллада менен Айтендин ысымдары «Жогорку Кеңештин» жарлыгы менен коюлган. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылындагы эже-сиңдилер Эллада менен Айтен Сааданбековалардын ысымдары «Жогорку Кеңештин» жарлыгы менен коюлган. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Кыздардын апасы Замира айым: 12 жаштагы Элладанын атын кайын сиңдим койгон. Кайын сиңдим ошол кезде чет жактан келген эле. Анын айтуусунда, «эллада» деген сөз грек тилинен чыгыптыр. Грециядагы кыздын аты болгон экен. Ал кыз кийин даанышман айым болуптур. Бир сөз менен которгондо идеяга бай дегенди билдирет. Эллада кичинесинен жалтырак-жултурактарга жакын. Дизайнер болууну көздөп жүрөт. Мыкты дизайнер болот деп ишенем. Кыздарымдын арасынан Эллада мага жакыныраак. Мага көп жардамга келет.

Эллада: Мектептен математика сабагын жакшы окуйм. Менин келечектеги кесибиме пайдасы чоң. Эсептегенди жакшы билиш керек. Менин атыма көптөрдүн тили келбейт. Эледе деп айтышат. Керек болсо мектептеги айрым эжейлерим дагы Эллада эмес, Эледе дешет. Атым элдикинен башкача деп кубанам.

Бир жолу айылдагы бир чоң апа мени көрүп калып, артымдан «Эме, ким эле? Ай Эме» деп чакыра бериптир. Мен аны билбей кетип калгам. Ошол чоң апа апама келип, «кызыңды чакырсам дагы мени укпай кетип калды» деп таарыныптыр. Апам «анын аты Эме эмес, Эллада» деп айтып узаткан (күлүп).

Апасы: Айылдагылар «Эллада деген каяктагы атты коюп алгансыңар? Кыргыздын аттарынан койбойсуңарбы?» деп дагы каршы болушкан. Документ менен барган жерден сөзсүз «аттарын ким койгон» деп сурашат. Мен «Кыздарыма ысымдар «Жогорку Кеңештен» (кайын журту) ыйгарылат. Ал жактан жарлык чыгып, буйрукка кол коюлуп, даяр болуп келет. Мен аткаруучумун, аткарып гана тим болом» деп тамашалап калам. Уккандын баары күлүп калышат.

6 жаштагы Айтендин ысымы өзүнөн-өзү чыгып калган. Айтендин атын жалпылап койдук. Ар кимдин айткан аттарынын башкы тамгаларын бириктирип келип, анан түн (түнкү ай) менен күн тең келген күн деп ушул атты коюшкан.

Айтен: Мен 6 жаштамын. Кандай ат экенин сурагандарга апам жооп берип турат. Угуп отуруп мен дагы маанисин билип алгам. Ай менен күн тең келген күн деген маани экен. Ошондуктан мени «баары күндөн түшкөн кара кызсың» деп айтышат.

Апасы: Бир күнү «Апа, мени шаарга жибериңизчи. Мени баары «күнгө күйүп калган кара кыз» дей берет. Ал жактан агарып келейин» дейт. Өткөндө 1 ай жүрүп келди. Эшикте ойноп жүрө берип такыр эле күйүп калыптыр. Мен «агарбай койдум го» деп ыйлап коёт (күлүп). «Атымды башкача эле койсоңор болмок десе» баарыбыз күлгөнбүз.

Ат деле адамга таасирин тийгизет дегенге көңүл кош эмесмин. Мааниси мүнөзүнө төп келип калат экен. Мисалы, Мырзайым деген кызымдын ысымы Мырза деген кишинин атынан коюлган. Мырзага кыз болгондуктан айым деп кошуп коюшкан. Бул кызым эркектердей болуп сырткы жумуштарды жакшы жасайт.

Бир жолу документ тапшырып жатсам, кызматкер оозеки сурап толтурду. Айтен деп жаздырсак, фамилиясын автоматтык түрдө Сааданбеков деп, жынысы деген жерге эркек деп коюптур. Текшере келгенде «бул бала эмес, кыз десем» кызматкер ачууланып, кайрадан убара болуп жазып чыккан. Үйгө келип айтсам, кыздарым ошондон бери «Айтен бала» деп чычалатып коюшат.

Эллада менен Айтен 7 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×