Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 31.07.2019 17:02

Талас облусун электр энергия менен толук камсыздаган көмөк чордон жаңыланып жатат

Turmush -  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Талас филиалында 500 кВ кубаттуулуктагы Түлөбердиев көмөк чордону жаңыланууда.

Ишкананын маалыматына караганда, бул көмөк чордон Талас районунун Талды-Булак айылында деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Талас облусун толук бойдон электр энергиясы менен камсыздайт. Реконструкция иштери көмөк чордондун транзиттик схемасын түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Эми Түлөбердиев көмөк чордону Токтогул ГЭСтин аба чубалгысынан жана Фрунзенская көмөк чордонунан ток алат. Бүгүнкү күндө тиешелүү иштер аяктады.

Жаңы жабдууларды орнотуу үчүн пайдубал куюлду. Бетондон жана темирден орду даярдалып, бөлүштүрүүчү жана өлчөөчү трансформаторлор орнотулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×