Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 06.08.2019 12:34

«Турмушка чыкпайм, бирөөнүн үйүндө жумушун жасабайм»: Мадина менен Медина курсакта эле ата-энесин шок кылышкан

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылындагы 9 жаштагы эгиздер Мадина менен Медина Кудайбергенова төрөлө электе эле ата-энесин шок кылышкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Мадина: Менин атымды улуу эжем коюптур. Мага уйкаш болсун деп түгөйүмдүкүн апам Медина деп атаптыр. Мен Мединадан 10 мүнөткө улуумун. Экөөбүздү тең баары бышыксыңар дешет. Кээ бир балдар уялып, тартынышат го, биз такыр тартынбайбыз. Кандай жумуш, кандай ийрим болбосун ошол жакта биз дагы болушубуз керек деп катышып, ийгиликтер менен жүрөбүз. Эч нерседен калбайбыз. Сынактан жеңип келгенде апама биринчи келип айтам. Апамдын жыргап сүйүнгөнүн жакшы көрөм. Биз атама окшошпуз, бирок апама жакынбыз.

Апасы Индира айым: Мадина 3 кг 350 гр, Медина 2 кг 800 гр болуп төрөлүшкөн. Учурда салмагы боюнча 1 кг айырма бар. Башында эгиз экенин билген эмесмин. УЗИге түшүп, көрүнүп жүргөндө бирөө дешкен. 4 айында гинекологго барып, «ичим чоң» десем «шишип же семирип кеттиң, балаң жакшынакай» эле деп койгон. Ошентип жүрө берип төрөрдүн астында жолдошум экөөбүз УЗИге барганбыз. Ошондо жолдошум: «Дагы түшүп албайсыңбы, канчадан бери түшө элексиң. Ким экенин көрөлү» деген. Дарыгер: «Бирөөсү кыз, экинчиси көрүнбөй жатат» десе ошол жерден шок болдум. Күйөөм: «Бизде эгиздер жок эле, булар каяктан?» деп калган (күлүп). Көрсө жолдошумдун чоң апалары эгиз төрөгөн экен. Аябай шок болуп, көпкө кызыктай болуп жүрдүк. Төрөгөнчө эч кимге айткан жокпуз. Төрөгөндө туугандарга «эгиз кыздуу болдук» деп сүйүнчүлөсөк, көздөрү менен көргөнчө эч ким ишенбей койгон. Кээ бирлери жолдошумду тамашалап жатат деп ойлошкон.

Медина: Биз ошентип ата-энебизди шок кылган экенбиз (күлүп). Быйыл 2-классты бүттүк. Экөөбүзгө тең математика, адабият сабактары жагат. Жакшы окуп, чоңойгондо тиш доктур болсом дейм. Тиш ооругандарды көргөм, тиштерин дарылап берем.

Мадина: Бир жолу мектепте эжекеге жардамдашып, математика сабагы боюнча дептердеги тапшырманы текшерип көргөм. Туура эмес болуп калса оңдоп, аябай чарчагам. Ошондон кийин мугалим болгум келбей калды, кыйын экен. Келечекте тигүүчү болом. Азыр куурчактарыма ар нерсе тигип берип жүрөм.

Мектептен аттарыбызды алмаштырып алышат. Бир сабактан мен 5, Медина 4 деген баа алганбыз. Журналга эжейибиз мага Мединанын 4 деген баасын, менин 5 деген баамды Мединага адашып коюп алган. Ошондон бери сурап, анан коет (күлүп).

Апасы: Бир тондуулар, окшош, көптөр айырмалай албайт. Анарлары бар болчу. Анарлары кетсин деп Анара, Жанара деп атачубуз. Эми өздөрүнүн аттары унутулуп кетпесин деп Мадина, Медина деп калдык. Анара, Жанара деп көнүп калгандар, Анара, Жанара деп дагы айта беришет.

Медина: Окшош кийинип жүрөбүз. Мен ырдап сынакка катышып турам. Андан башка «Манас» айтам. 15 куплетти 1 күндө жаттап алам.

Мен турмушка чыкпайм, бирөөнүн үйүнө барып жумушун жасабайм.

Апасы: Кичинекейинде экөөнү окшош бешиктерге бөлөчүмүн. Кээде алмаштырып, бирөөсүн кайра-кайра эле эмизе берчүмүн. Көбүнчө түнкүсүн уйкусуроо менен бирөөсүн кайталап эмизип алчумун (күлүп). Кудай ушуларды берип коюп ыраазы болуп отурам.

Бир тондуу болуп, сезимтал келишет. Бирөө тумоологондо экинчисин алыс кармап оорутпайын десем дагы болбой, азап менен чоңоюшту. Ооруганда көбүрөөк кыйналгам. 3 күндөн кийин экинчиси ооруйт. 2 жылдан бери тынч отуруп калдык. Азыркы кезде дагы кийимдерине белги коюп коём. Экөөнү тең бирдей бетинен өбөм. Антпесе «мен калып калбадымбы» деп таарынышат.

Эгиздер 5 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×