Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 07.08.2019 09:34 На русском

Ачарчылыкта зикир чалып жатып өлгөн үй-бүлө: Турду апа тарткан азаптарын азыр да унута элек. Сүрөт

Turmush -  Талас районундагы Жоон-Арык айылынын 89 жаштагы тургуну Жанчарова Турду апанын балалыгы согуш маалына туш келип, далай кыйынчылыктарды көргөн. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн.

«Бала кезим согуштун убагында ачарчылыкта, жетимчиликте өттү. Апам мен кичинекей кезимде эле кайтыш болуп кетиптир. Апамды билбей калдым. Заман кыйын болгон. Анан калса өгөй эне менен жүрдүм. Улуусу мен, ортодо уул балдар, анан кичүү сиңдим бар болчу. Өгөй апа берилип жан тартпайт экен. Сиңдим кайтыш болгондо эл кайгырып отурса, өгөй апам «анын өлгөнү жакшы болду, антпесе мен бул жерде жашабай калат болчумун» деген. Уккан эл бири-бирин карап эле тим болдук. Ошол сөзү сөөккө батып, дагы эле көкүрөктө турат. Энеден бала калбасын, ажырабасын.

Жаш кезде согуштун кесепетинен жарма жасап ичүүгө бир ууч талкан таппай калчубуз. Ачарчылыктын айынан мындай окуя дагы болгон... Кең-Кол айылынын бир өзөнүндө жашачубуз. Согуш убагында «Маймак» станциясы аркылуу поезд келип, карачай улутундагы адамдарды Талас өрөөнүнө таштап кетишиптир. Ошентип ар бир үйгө карачайлар бөлүнүп, алар менен бирге күн өткөрүп калдык. Биз 2 бөлмөлүү тамда жашайт элек. Төркү бөлмөсүндө биз, кире беришинде алар жашап калышты. Алар таң атканча зикир чалып, «Алла, Алла» деп чыгышат.

Бир күнү таңга маал үндөрү дымып калды. Көрсө бала-чакасы менен 12 киши ачкадан кайтыш болуп кетиптир. Айылдагы бригадирге кабар бердик. Алар араба жиберип, баарын салып барып жерге көмүшкөн. Заман катаал болчу. Азыр жаштар тобоо десеңер болот. Бул заман жаштарга куттуу болсун деп отурабыз. Биз дагы бешенебиздегини көрдүк.

13 жашымда 3-класска кирип, бат эле окуп, жазганды үйрөнүп алдым. 6-класска чейин окуп, 16 жашымда турмуш курдум. Ал убакта жеңелерибиз эле турмушка узатып койчу. Жеңем күндөрдүн биринде «Сен күйөөгө кет. Апаң өгөй болсо, атаңды кыйнаба» деп кеңешин берип, менин абышкама узатышкан. Экөөбүз кол кармашып кетип калганбыз. Ошентип турмуш жолуна аттанып, чабан болуп жүрдүк. Ленин колхозунда тамекиде 40 жыл иштедим. Тамекиде алдыңкы болуп, 2 жолу жер кыдырып, Москвага бардым. Башкарма унаасына салып аэропортко алып барып, ал жактан 2 немис аялга кошуп жиберди. Алгач барганымда кайын эжем «күрмө ала кел» деп 25 сом берген. Заңкайган дүкөндөргө барып, кийим-кечектерге суктанып карап турсам жанымда баш-аягы капкара, чачы укмуш адам турат. Ошондо кара терилүү адамды биринчи жолу көргөн болчумун. Мени менен чогуу келген немис аялдарды ары жактан атайын чакырып келип, тиги кара терилүү адамды көрсөтсөм аябай күлүшкөн. Ошол учурум эсимден кетпейт. Айылга келип айтып, далай күлүп жүрдүк.

Жолдошум экөөбүз 11 балалуу болдук. Келин болуп келген убакта жаан жааса тамдын чатырын тешип, суу тамчылачу. Анда нөшөрлөгөн жаан жаачу. Тамчылаган жерге болгон идиштерибизди коё берчүбүз. Жаан токтогондо тамдын чатырына чыгып, тешик жерге күл төкчү элек. Топурак менен жабылган там болчу. Жаныбызда бир жесир эже 4 баласы менен жашачу. Анын үйүнөн да тамчы өтчү. Ал бир жолу «Жамгыр тамчылап эле бүтпөйт. Түндө балдарымдын жууркандары суу болуп, ала кийиз жаптым. Такыр токтобогондо түн бир оокумда балдарымды ойготуп, «башка туугандыкына түнөйлү» деп эшикке чыкканда эле, шар этип тамдын чатыры түшүп кетти. Кудай сактады, балдарымдын ырысы бар экен» деп айткан. Далай окуяга күбө болуп жүрдүм.

Ошол убакта кыш кыштай болуп, жаан катуу жаачу. Кышкысын суудан өтүп, токойдон отун жыйнап келебиз. Суунун үстү муз болсо, шыр өтүп кетебиз, жарылып кетсе түшүп кетчүбүз. Далай жолу сууга түшүп кетип тоңсок дагы балдар, жумуш деп жашачубуз. Азыр баары жакшы, баары даяр. Биз курактуулар ачарчылыкты дагы, токчулукту дагы көрдүк. Тамекиге уйларды чыгарып коюп, кечинде уй келе жатканда жумуштан бошойт элек. Төрөгөндөн 5-6 күндөн кийин эле «сенин ченелген жердеги тамекиң бар» деп жумушка чыгарчу. Балдарды бешикке бөлөп, түшкүсүн келип эмизип кетебиз. Түштө тамакка отурганда бир келин баласын эмизип келейин деп кетчү. Ал үчүн тамак алып коюшат, келип жейт.

Бир күнү тамагын жеп жатып көзүнөн жаш куюлат. «Ай, сага эмне болду? Кимдир бирөө кайтыш болдубу?» десек, «Жок, мага дайыма эти жок кылып тамак алып коёсуңар» деп ыйлаган. Баарыбыз күлүп эле «тамак ичип эле кетпейт белең» десек, «тамеким таразага тартылбай кала берет» дейт. Себеби сорттогон тамекибизди таразадан өткөрүп берчүбүз. Антпесе план толбойт эле (күлүп).
Ошол маалда бир аз жашоо жакшырып калган. Эл жумушка чын дили менен берилчү.

Абышкам алгач чабан, сугатчы болуп, кийин колхоздо ар кайсы жумушта иштеп, 78 жашында кайтыш болду. Кудайга шүгүр, уул-кыздардан небере-чөбөрөлөрдү көрүп отурам», - деди Турду апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×