Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 09.08.2019 08:42 Жаңыланды: 09.08.2019 19:00 На русском

Тагдыр: Жол кырсыктан аман калган Нурбек 5 жолку операциядан кийин кайра басууну үйрөнүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас облусунун Талас районундагы Кум-Арык айылынын 33 жаштагы тургуну Нурбек Кынатовдун жашоосу жол кырсыктан кийин толугу менен өзгөргөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жогорку окуу жайда 3-курста окуп жүргөндө 3 досу менен жол кырсыкка кабылган.

«Анда мен 20 жашта болчумун. Кырсыктан башымдан катуу жаракат алып, 2 моюн омурткам сынган. Кырсык болгон учурда мен айдоочунун жанында уктап бара жаткам. Рулда досум болчу, түнкү саат 01:00 чамасында катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай калды. Досторум жеңил жаракат алышкан.

Мен оор абалда Таластагы ооруканага түшүп, эч кимди тааныбай калыптырмын. Абалым начарлаганына байланыштуу мени тез арада Бишкек шаарына алып барып, башыма операция жасашкан экен. Кийин башымдагы тигилген жиптерди алып жатканда эсиме келип, жарыкты көрдүм. Башымды көтөрө албай, моюнумдан ылдый эч нерсе жоктой эле сезилди. Ошондо гана кандай абалда экенимди билдим.

Дарыгерлер мени эки операцияны көтөрө албайт деп, моюн омурткама операция жасашкан жок. Ошол кезде колу-бутум кыймылдабай, төшөктө 1 жыл жаттым. Мени азаптуу күндөрдөн сууруп чыккан ата-энем жана бир туугандарым болду. Байкелерим колуна көтөрүп багышты, ал азаптуу күндөр дагы артта калды. Андан бери 5 жолу операция болдум, азыр акырындык менен машыгып, бутума турууга аракет кылып жатам. Башында бутумду сезчү эмес элем, азыр жылыш бар.

Кырсыктан кийин колу-бутум кыймылдабагандыктан өз алдынча тамактана албай калгам. Кийин акырындык менен жөргөлөгөндү үйрөнүп, колу-буттарым ысып, кыймылга келе баштады. Ошентип сол капталым жакшы болду. Азыр эч кимдин жардамы жок жүрө алам, бирок оң колум, оң бутум жакшы кыймылдай элек», - дейт ал.

Ошондой эле ал дарылануунун жана машыгуунун арты менен кайра бутуна туруп жатканын айтат.

«Ден соолукту калыбына келтирүү борборунда дарылануудан тышкары дайыма машыгып жатам. Машыгуунун пайдасы чоң экен. Акырындык менен бутума туруп келе жатам. Бош убактымда компьютер менен алек болом. Ден соолугум калыбына келсе, өз сүйүктүүмдү таап, үй-бүлө курсам дейм», - дейт Н.Кынатов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×