Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуТалас району 13.08.2019 09:03

Айыл турмушу: 80 жаштагы Сабира апа азыр да шырдактарды жасап, башкаларга чеберчиликти үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 80 жаштагы тургуну Садыралиева Сабира апа азыр да сайма сайып, шырдак шырып келет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда чоңойгон.

«Менин кайын энем Ысык-Көл облусунан. Кайын атам билимдүү киши болуп, 1930-жылдары өкмөт жумушу боюнча Таласка жибериптир. «8 күн дегенде Таласка көчүп келгенбиз» дейт. Келе жатканда колундагы баласы чарчап калган экен. Ошентип Таласка отурукташып калат. Кийин алар Ысык-Көл тарапка барганда абышкам менен таанышып калып, 1958-жылы баш коштук.

Тамекиде 30 жыл иштедим. Кол жөндөмүм канымда болгондуктан келин курагымдан эле тынч алып отурбастан иштүүлүк кылдым. Союз тараганда бир бала келип, көп шырдактарымды сүрөткө тартып кеткен. Көрсө ал сүрөттөрдү Кытайга жиберген экен. Кийин ошондой оймолор менен кытай килемдери чыгып келген (күлүп).

Бир шырдак 10 күндөн 1 айга чейинки убакытта даяр болот. Биринчи кылчык эмес, жумшак жүндү чогултуп алып, аны жулмалабай этияттык менен сабап алам. Кайра аны кайчы менен майдалап кесип алып, кайрадан сабайм. Андан кийин кийиз жасоого өтөм. Чийге салып, үстүнө ысык суу куюп, 1 саат тепкилейбиз. Кол менен басып бышырабыз. Себеби кийиз катуу болот. Андан кийин жерге жайып кургатып алабыз. Кийиз даяр болгондон кийин шырдак жасоого өтөм. Башка өңдөгү 2 кийизди беттеп, жылышып кетпеши үчүн четтерин бекитип тигип, оюуларды түшүрүп кесем. Беттелген кийизден чыккан оюуларды бириктирип, жип менен жээктеп, шоона жип менен менен түздөп шырууга өтөм.

Айыл ичинде кол эмгектерим тараган. 100дөн ашуун шырдак жасалды. 5 кызыма сеп даярдап бердим. Кайсы бир убакта шырдактар бааланбай, арзан сатылып калган. Эми шырдактын баалуугу артып, чеберчилик жанданып келе жатканы кубандырат. Себеби шырдактар оор эмгек менен жасалат. Мээнет бааланса мыкты чеберлер өсүп чыгат. Үйрөнөм дегендерге карыдым деп отурбастан көрсөтүп берем», - деди ал.

Сабира апа 7 баланы чоңойтуп, «Баатыр эне» наамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×