Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 15.08.2019 21:25

Жеңеке: Акен жеңе турмушка чыкканда жолдошу экөө унааны 12 сомдук куурчак менен кооздошкон (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 59 жаштагы тургуну Мамбеталиева Акен жеңе жолдошу экөө баш кошкондо 12 сомго куурчак сатып алып, унааны кооздошкон. Аймактагы кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн.

«Атам эрте каза болуп, апам 5 баласын жалгыз бой тарбиялап, окуткан. Мен мектепти аяктагандан кийин Кара-Балта шаарында билим алып жаткам. Апам эмнегедир мени өзүнөн алыс чыгаргысы келбей, «алыста жүрсөң алыска турмушка чыгып кетесиң» деп окуумду аяктатпай, Таласка алып келип алды. Таластан дүкөнчүнүн 1 жылдык окуусунда окудум. Кийин өзүм курактуу Надырбек аттуу жигит менен жакшы мамиледе болуп сүйлөшүп калдык. Экөөбүз бат-бат жолугуп турууну адатка айлантып алганбыз.

Бир күнү Надырбек жолугуп, үй-бүлө куруу сунушун киргизди. Мен дагы көп күттүрбөстөн макулдугумду бердим. Мен курбу кыздарым менен, ал дос балдары менен келип, унааларды даярдап жаттык. Ошол күнү Надырбек экөөбүз жакшы ырым менен 12 сомго куурчак сатып алып, биз отурган унаанын алдына тасма менен байлаганбыз. Ал учурда 12 сом аябагандай чоң акча эле (күлүп).

Ошентип үйгө келдик. Үйдүн алды толгон эл, бизди күтүп жатышкан экен. Кирип келгенде эле жүгүнтүп, башыма ак жоолук салганда башкача сезимдерге туш болдум. Апамдын кандай иштүү аял экени үйгө киргенде эле көрүнүп турчу. Менден улуу 2 абысыным бар. Алар мени көшөгөгө отургузуп алып көп нерселерди айтып беришти. Мен толкунданып, бир чети мойнума чоң жоопкерчиликти алып жатып алардын сөздөрүнө көп деле маани берген эмес экенмин. Ал убакта жаңы келин 1 жума жоолугун салынып көшөгөдө отурчу. Өзүңдөн улуу адамга таанысаң, таныбасаң дагы жүгүнүп турчубуз.

Өткөндө келиндеримди ээрчитип туугандардыкына барып калдым. Ал жердеги чоң апаларга адаттагыдай жүгүнсөм «Ай келин, сен дагы кайын эне болуп калдың. Эми жүгүнбөй эле кой» деп өздөрүнүн уруксаты менен жүгүнбөй калдым.

Биздин айыл чоң болуп, балдарды эмдөө бөлүмү бир топ алыс жайгашкан. Ал жакка айылдагы өзүм курактуу келиндер чогулуп алып, балдарыбызды «коляскага» сүйрөп барып келчүбүз. Келиндер сөздөрүбүз бүтпөй, бул күн биз үчүн майрамдай сезилчү.

Апам чебер аял болгондуктан жаз алды менен жүн чогултуп, аларды боёкторго салып, жууп чыкчубуз. Жайдын ысыгында алманын арасына шырдакты жая салып, экөөлөп шырдак шырып, төшөк жасап чыкчубуз. Ушул күнгө чейин апам экөөбүз жасаган ошол төшөктөрдү пайдаланып келем», - деди ал.

Акен жеңе 5 бала, 10 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×